“Бишкек жана Ош шаарларында бюджеттик процесстин айкындуулук жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатуу” аттуу ММК үчүн СЫНАК

26.05.2014 10:09
“Шаардын бюджети – менин бюджетим” темасына ММКда изилдөөлөрдү, аналитикалык материалдарды, макалаларды жазууга сынак жарыялайт.

Өнүктүрүү саясат институту Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары менен биргеликте Бишкек, Ош шаарларынын жергиликтүү бюджеттеринин ачыктыгына жана айкындуулугуна тиешелүү “Шаардын бюджети – менин бюджетим” темасына ММКда изилдөөлөрдү, аналитикалык материалдарды, макалаларды жазууга сынак жарыялайт.

Өбөлгөлөр
Кыргыз Республикасынын өнүгүү багыттарын сүрөттөгөн Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегия, 2018-жылга чейин ЖӨБны өнүктүрүү Программасы өңдүү стратегиялык документтер артыкчылыктардын бири катары мамлекеттик, муниципалдык органдардын жарандык коом менен тыгыз өз ара кызматташуу зарылчылыгын көрсөтүүдө.
Жарандардын жергиликтүү бийликке да, жалпысынан мамлекеттик башкаруу системасына да ишеним деңгээлин жогорулата турган шарттарды түзүү зарыл. Жарандардын шаарларды өнүктүрүүгө чындап катышуусун камсыздоо менен Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош өңдүү ири шаарлары бул процессте лидер болуш керек.
Бюджеттик процесстин айкындуулугун арттыруу, шаардыктарга шаар бюджетинин натыйжалуулугун баалоо үчүн мүмкүнчүлүк түзүү зарылчылыгы бул иште артыкчылыктардын бири болуп эсептелет. Бюджет – бул коомдук каржы. Ар бирибиз казынага төккөн ар түрдүү төлөмдөр аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык функцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого өз салымыбызды кошуп келатабыз. Бирок бул акча кантип чогултулаарын, эң негизгиси кантип сарпталаарын баарыбыз эле биле бербейбиз.
ММК жарандарга көрсөтүлгөн каражаттар кантип сарпталып жатканы тууралуу чоң көлөмдөгү маалымат бере алат. ММК жарандарды ушул процессти көзөмөлдөөгө үйрөтө алат. ММК журналисттик иликтөө жүргүзүп, бул чөйрөдө кыянаттыктардын системасын жана айрым бир факттарды ачыкка чыгара алат. Ал эми бул сынактын милдети – аталган темаларга ММКнын кызыгуусун жаратуу, журналисттерди тең салмактуу, жогорку, кесипкөй деңгээлдеги материалдарды даярдоого шыктандыруу.

Сынакты өткөрүүнүн тартиби
Кыргыз Республикасындагы басма, берүү жана интернет ММКда эмгектенген штаттагы жана штатка кире элек авторлорго төмөнкү темаларга жарыяланган же обого чыккан журналисттик иликтөөлөрдү жана аналитикалык материалдарды берүү сунушталат
• Бишкек, Ош шаарларынын бюджеттери: биз бул тууралуу эмнелерди билебиз?
• Бюджеттик каражаттарды чыгымдоодо айкындуулук (муниципалдык кызмат, муниципалдык сатып алуулар, социалдык чөйрө, муниципалдык ишканалардын иши – муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр)
• Шаардык салык төлөөчү – ал ким?
• Бюджеттик каражаттарды чыгымдоодо ак ниеттүүлүк жана натыйжалуулук
• Жарандардын бюджеттик процесске катышуусу жана жарандардын демилгелерин шаардык бюджеттеги каражаттар менен колдоо
• Шаарларды башкарууда коррупция
Ар бир автор каалаган санда материал тапшырса болот – чектөө жок. Сынакка катышып жаткан материалдардын баары 2014-жылдын 1-январынан 31-октябрына чейинки мезгил аралыгында жарыяланыш керек же обого чыгышы шарт.
Маалымат агенттиктердин сайтындагы жаңылыктардан ылгап алынган формада даярдалган материалдар 1 (бир) материал деп эсептелет.

Сынактык материалдардын тили – кыргызча, орусча.

Жарыяланган материалдардын бардык ылгап алынгандарын, электрондук билдирүүлөрдүн көчүрмөлөрүн, материал обого чыккан күндү жана убактысын көрсөтүү менен эфирдик маалыматнаманын коштоосу менен видео жана радиоматериалдардын көчүрмөлөрүн 2014-жылдын 1-ноябрына чейин, саат 17:00дөн кеч эмес тапшырууңузду өтүнөбүз.

Сынактык комиссиянын курамы:
1. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрия өкүлдөрү
2. “Интербилим” эл аралык борборунун өкүлдөрү
3. Бюджеттик чөйрөдөгү эксперттер
4. Көз карандысыз журналист – эксперт
5. Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү,
6. Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлдөрү
Сынактык комиссия 2014-жылдын 30-ноябрынан кеч эмес аралыкта материалдарды карап чыгат жана жеңүүчүлөрдү аныктайт.

Жеңүүчүлөрдү аныктоонун тартиби
Өнүктүрүү саясат институтунун атынан сынактын катчылыгы басылманын (телекомпаниянын, сайттын) аталышын жана автордун аты-жөнүн көрсөтпөстөн, номурларды коюп эле материалдардын көчүрмөсүн комиссиянын мүчөлөрүнө өткөрүп берет. Ар бир катышуучуга жеке идентификациялык код берилет. Жеңүүчүлөр жана байгелер автоматтык түрдө, катышуучу алган баллдардын санын кошуп, ошонун натыйжасына ылайык тандалат. Эгерде бирден ашуун катышуучу бирдей сандагы баллга ээ болсо, анда ӨСИ долбоорлорунун алкагында окуудан өткөн авторлорго, ошондой эле өлкөнүн региондорунда жашаган авторлорго артыкчылык берилет.

Тандоо критерийлери
Бардык табыштамалар тандоонун төмөнкүдөй критерийлеринин негизинде каралат:

№    Критерий                                                                                                                         Критерийдин салмагы
1.     Материалды мазмуну боюнча кесипкөй даярдоонун деңгээли                                                                           30 %

2.     Анализди, жарандардын, адистердин түрдүү пикирлерин ж.б. камтып,бюджеттикчөйрөдөгү

маанилүү жана актуалдуу көйгөйлөрдү жетимдүү жана таасирдүү түшүндүрүп берүү                                                  20 %

3.     Алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу (мисалы, жарандардын бюджеттик процесске катышуусу,

айкындуулукка жетүү үчүн башкаруу органдарынын демилгелери) же терс тажрыйбага анализ

жана аны алдын алуу (мисалы, коррупция, каражаттарды максатсыз жана сабатсыз сарптоо

факттарын ашкерелөө)                                                                                                                                           20 %

4.     Журналисттин квалификациялык деңгээли                                                                                                       10%

5.     Аналитика – мезгилдерди салыштыруу, себептерге сереп, кырдаалдын өнүгүүсүнө божомол жасоо                     10 %

6.     Берилген темаларга басылмалардын сериясынын болгону                                                                                 10 %

Сынактык комиссиянын чечими боюнча көрсөтүлгөн темаларды чагылдырууда өзгөчө салымы үчүн кошумча “алтын” балл берилиши мүмкүн. Бул салым сынакка берилген материалдардын сапаттык жана сандык көп түрдүүлүгүндө, ошондой эле бюджеттик темалар боюнча терең журналисттик иликтөөлөрдүн циклин өткөрүүдө билиниши мүмкүн.

Байгелер
Сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай байгелер жана баалуу белектер берилет. Жалпы байге фонду 5000 АКШ долларын түзөт. Байгелер төмөнкү номинациялар боюнча тапшырылат:

“Берилген тема боюнча кыргыз тилинде мыкты журналисттик иликтөө жана анализ” атайын номинациясы
Басма ММК үчүн “Шаардын бюджети – менин бюджетим” темасын мыкты ачып берүү” номинациясы:
Эфирдик ММК үчүн “Шаардын бюджети – менин бюджетим” темасын мыкты ачып берүү” номинациясы:
Интернет-ММК үчүн “Шаардын бюджети – менин бюджетим” темасын мыкты ачып берүү” номинациясы:
• “Шаардыктар жана бюджет” атайын номинациясы
• “Мен – салык төлөөчүмүн” атайын номинациясы

Сынактын уюштуруучулары сынакка түшкөн материалдардын санына жана сапатына жараша байге фондун толугу менен колдонбой коюу укугуна ээ. Үнөмдөлгөн учурда андан арткан каражат шыктандыруучу байгеге сарпталат.


Авторлор Өнүктүрүү саясат институтунун атынан сынактын катчылыгына бардык материалдарын жеке өзү, же почта менен төмөнкү даректер боюнча жибериш керек:
720010, Бишкек ш., Үсөнбаев көч., 44
же jkerimova@dpi.kg электрондук дарекке жибериңиз
Маалымат алуу үчүн телефондор: 0 (312) 976 530 (31,32,33,34)
Сынактык материалдарды тапшыруунун соңку мөөнөтү –
17.00, 2014-жылдын 1-ноябры.