Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын тогуз аймагынын ар бири бир миллион сомдон грант алышат

21.05.2013 14:47
Аталган грант каражаттары ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун кичи гранттар Программасынын алкагында берилмекчи.

2013-жылдын 20-майында Швейцария Өкмөтү каржылап Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору 2013-жылдын кичи гранттар Программасынын алкагында уюштурулган сынак жыйынтыкталды.

Сынактын шарттарына ылайык Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын айылдык аймактарынын аткаруучу органдары жергиликтүү коомчулукка маанилүү болгон маселелерди чечүүгө багытталган иш-чараларды каржылоого табыштама бериши керек болчу.

Жалпысынан сынакка 35 табыштама түшкөн, алардын ичинен Ысык-Көл облусунан 20 жана Жалал-Абад облусунан 15 кайрылуу. Сынакка келип түшкөн табыштамаларды кароо жана баалоо үчүн түзүлгөн атайын комиссиянын курамына төмөндөгү өкүлдөр кирген: КР Өкмөтүнүн Аппараты, Каржы министрлиги, КР Өкмөтүнүн алдындагы курулуш жана регионалдык өнүктүрүү мамлекеттик Агенттиги, КР жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу, “Демократия жана жарандык коом үчүн Коалиция” коомдук бирикмеси, Өнүктүрүү саясат институту жана ЭҮЖӨБОЖ долбоору. Аталган комиссия мүчөлөрү табыштамаларды индивидуалдуу түрдө карап чыгышты.

Ар бир табыштама 5 упайлык өлчөм менен 11 критерийдин негизинде бааланып чыккан соң, эң көп упайга ээ болгон сынактын 7 жеңүүчүсүн аныкташты:

Мындан сырткары, GIZ жарандык коомду колдоо Фонду менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында сынакка түшкөн табыштамалардын ичинен эки долбоорду колдоого каражат бөлүнүп бериле турган болду:

Бир айыл аймакка каралган грант суммасы 20 000 Швейцар франкы (1 млн. сомдун тегерегинде). Аны менен бирге долбоорду колдоого жергиликтүү бюджеттен атайын каралган каражаттын же жергиликтүү коомчулуктун катышуусу аркылуу каралган салым 10%дан кем эмес болушу керек.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө 2013-жылдын июнунда “Мамлекеттик сатып алууларга Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын негиздери” деген аталышта атайын окутуу өткөрүлөт.

Проект: