ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун адистери мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акы системасын реформалоо маселелери боюнча КР МСК ишине катышууда

14.06.2013 20:41
Иш-чара 11-июндан 14-июнга чейин Мамлекеттик кадр кызматынын демилгеси боюнча “Кыргызское взморье” санаторийинде өттү.

11-июндан 14-июнга чейин Мамлекеттик кадр кызматынын демилгеси боюнча “Кыргызское взморье” санаторийинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын төлөө системасын реформалоо маселесине арналган семинар өттү.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын төлөө системасын реформалоо стратегиясын ишке ашыруу боюнча жыйынтыктоочу талкуу өткөрүү зарылчылыгы бул семинарды өткөрүүгө негиз болуп берди. Стратегияны ишке ашыруунун алкагында документтердин пакети иштелип чыкты, аны КР Өкмөтү кабыл алмакчы.

Стратегиянын өзгөчөлүктөрү:

Ошентип Стратегия төмөнкү документтерди кайра иштеп чыгууну талап кылат:

Ушул тапта бул документтердин долбоорлору иштелип чыгып, жалпысынан мамлекеттик органдар менен макулдашылды жана өкмөттүн кароосуна жиберилмекчи.

Семинар мамлекеттик органдардын жетекчилерине эмгек акы системасынын бардык компоненттерин жана алардын иштеши тууралуу түшүндүрмө берүү максатын көздөгөн.

Семинардын ишине жогоруда аталган документтерди иштеп чыгуу процессине камтылган ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адистери да катышты.

 

Проект: