Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздери» темасында офлайн-тренинг өткөрүлдү.
Тренингдин максаты – катышуучуларды жергиликтүү деңгээлде мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздери менен тааныштыруу.
Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар мониторинг жана баалоонун негизги түшүнүктөрүн жана укуктук негиздерин, ошондой эле биргелешкен мониторинг жана баалоонун максаттарын, милдеттерин, негизги принциптерин, талаптарын, предметтерин жана объекттерин карап чыгышты. Программанын маанилүү бөлүгү биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун ишин практикалык жактан уюштурууга арналды.
Катышуучулар ошондой эле мындай топтордун ишин уюштуруунун жана техникалык камсыздоонун маселелерин, алардын укуктарын, кызыкчылыктардын кагылышы мүмкүн болгон жагдайларды, ошондой эле практикалык тажрыйбаны жана иштин жыйынтыктарын талкуулашты.
Өзүнчө блок мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн ыкмаларына жана индикаторлор менен иштөөгө арналды. Практикалык сабактардын жүрүшүндө ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү индикаторлордун формаларын толтуруп, топтордо биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча иш пландарын иштеп чыгышты. Ошондой эле бул иштин жыйынтыгы боюнча даярдалуучу документтер каралды.
Тренингдин практикалык форматы катышуучуларга зарыл болгон билимдерди алуу менен гана чектелбестен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күнүмдүк ишинде колдонууга мүмкүн болгон инструменттерди практика жүзүндө өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Ушундай эле тренинг Ысык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн да жыйынтыкталды. Аймактардагы окутуулар ЖӨБ органдарынын мониторинг жана баалоо жаатындагы практикалык көндүмдөрүн бекемдөөгө жана бул ишке жергиликтүү деңгээлде системалуу мамилени өнүктүрүүгө багытталган.