Кыргызстандын аймактарында инвестицияларды башкаруу мүмкүнчүлүктөрү: маалыматтар, инвестициялык профилдер жана жеке сектор менен диалог

16.06.2026 08:01
Кыргызстандын аймактарында инвестицияларды башкаруу мүмкүнчүлүктөрү: маалыматтар, инвестициялык профилдер жана жеке сектор менен диалог

2026-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Улуу Британия Өкмөтүнүн колдоосу жана Өнүктүрүү саясат институту менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жаткан “Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу” (EGED) программасынын жыйынтыктарына арналган “Кыргызстандагы аймактардын социалдык жана экономикалык өнүгүүсү: пландоо, маалыматтар жана отчеттуулук” аттуу жыйынтыктоочу конференция өткөрдү.

Программанын жети пилоттук районунда жетишилген негизги жыйынтыктардын катарында: 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча болжол менен 2600 жаңы жумуш орду түзүлдү, ал эми 2030-жылга карата алардын саны 17 500дөн ашары күтүлүүдө. Инвестицияларды башкаруу процесстерин жакшыртуунун натыйжасында кошумча экономикалык өсүш камсыздалууда, ал эми айрым райондордо калктын кирешесинин өсүшү 50–60 пайызга жетиши мүмкүн. Башкаруудагы системалык өзгөрүүлөрдүн эсебинен кошумча экономикалык өсүштүн болжолдуу көлөмү 83,6 млрд сомду түзөт.

Конференциянын катышуучулары маалыматтарга негизделген, стратегиялык пландаштырууга, мамлекеттик органдардын, жеке сектордун жана жарандык коомдун өнөктөштүгүнө таянган жергиликтүү экономикалык өнүгүүнү башкаруунун заманбап инструменттерин ишке киргизүүнүн жыйынтыктарын талкуулашты.

EGED программасынын алкагында жети пилоттук райондо (Ат-Башы, Кемин, Айтматов, Жети-Өгүз, Базар-Коргон, Ноокат жана Кадамжай райондору) маалыматтарга, болжолдоолорго жана диалогго негизделген социалдык-экономикалык өнүгүүнү пландаштыруунун жаңы ыкмалары киргизилди. Аймактардын инвестициялык профилдери колдонулууда, ошондой эле мамлекеттик органдардын, бизнестин жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылган диалог аянтчалары катары Координациялык кеңештер түзүлдү.

КР Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Искандарбек Маматов Кыргызстан аймактарынын өнүгүүсү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр ачылып жатканын белгиледи. Анын айтымында, өлкөгө көптөгөн инвесторлор кызыгуу көрсөтүп жатышат, бирок жергиликтүү бийлик органдары тышкы жана ички инвесторлор менен натыйжалуу диалог жүргүзүп, тоскоолдуктарды өз убагында жоюп, аймактардын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматты туура сунушташы керек. Бул багытта EGED программасынын пилоттук райондору жакшы үлгү көрсөтүп, алардын тажрыйбасы кеңири жайылтууга татыктуу.

Программанын практикалык жыйынтыктары инвестицияларды тартууга жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө азыртан эле өбөлгө түзүүдө. Тактап айтканда, Жети-Өгүз районунда инвестициялык форумдун жыйынтыгы боюнча болжол менен 600 млн АКШ долларына кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюлду. Кемин районунда 115 долбоордон турган инвестициялык портфель түзүлдү, ал эми Ат-Башы районунда артыкчылыктуу экономикалык кластерлерди өнүктүрүү күчөтүлдү.

Конференциянын катышуучуларына онлайн форматта кайрылган “Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу” (EGED) программасынын жетекчиси Жафар Усманов программанын негизги максаттары жана милдеттери ишке ашырылганын белгиледи: “Борбордук Азиядагы ар бир өлкө аймактарды өнүктүрүүнү пландаштыруу жана башкаруу системасын өзүнүн шарттарына жана артыкчылыктарына жараша түзүп келген. Бирок жергиликтүү бийлик органдары туш болуп жаткан көйгөйлөр окшош экенин көрүп жатабыз. Ошондуктан маалыматтарга негизделген айрым чечимдер бардык өлкөлөр үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Кыргыз Республикасындагы аймактарды пландаштыруу жана өнүктүрүүнү башкаруу тажрыйбасы биздин программага бул тажрыйбаны коңшу өлкөлөрдө көрсөтүүгө шыктандырды”.

Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар маалыматтарга негизделген аймактык пландаштыруу системасын мындан ары өнүктүрүүнүн, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) жана инвестициялык профилдерди өнүгүүнү башкаруунун инструменттери катары колдонуунун, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.