Ат-Башы районунда СЭӨПтү ишке ашыруунун аралык жыйынтыктары талкууланды

19.06.2026 17:54
Кошумча маалымат алуу үчүн: Бакай Молдошев, EGED программасынын ассистенти, bmoldoshev@dpi.kg
Ат-Башы районунда СЭӨПтү ишке ашыруунун аралык жыйынтыктары талкууланды

2026-жылдын 18-июнунда Ат-Башы районунда 2025–2030-жылдарга карата райондун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынга райондук мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес чөйрөсүнүн, коомдук уюмдардын жана EGED долбоорунун өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө 2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын июнь айына чейинки мезгилде программаны ишке ашыруунун мониторингинин жыйынтыктары сунушталды.

Бүгүнкү күндө программага жалпысынан 222 иш-чара киргизилген, алардын ичинен:

СЭӨПтүн жалпы аткарылыш деңгээли 31%га жетти.

Районду өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча оң динамика байкалууда. 2025-жылы Ат-Башы районунда 48 чакан ишкана ачылып, 217 жаңы жумуш орду түзүлгөн. Жеке инвестициялардын көлөмү 101,5 млн сомду түзгөн. Ал эми 2026-жылдын алгачкы беш айында дагы 26 ишкана ачылып, 81 адам жумуш менен камсыз болду.

Инвестицияларды тартуу багытында да олуттуу өсүш байкалууда. 2025-жылы районго ички жана тышкы булактардан жалпысынан 1,1 млрд сом инвестиция тартылып, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу кыйла жогору болду.

Туризм тармагын өнүктүрүүдө да туруктуу оң натыйжаларга жетишилди. 2025-жылы Ат-Башы районуна 40 миңден ашуун турист келген. Таш-Рабат, Чатыр-Көл жана Көл-Суу багыттарында туристтик инфраструктураны өнүктүрүү, жаңы конок үйлөрүн жана жол боюндагы тейлөө объектилерин түзүү иштери улантылууда.

Программанын алкагында айыл чарбасындагы кластердик багыттарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Алардын катарына эт, сүт, бал, балык, дары чөптөр, чычырканак жана карагат өндүрүшү кирет.

“Мониторингдин жыйынтыктары көрсөткөндөй, пландаштыруудагы системалуу мамиле жана бардык кызыкдар тараптардын аракеттерин үзгүлтүксүз координациялоо райондун коюлган максаттарына ишенимдүү жетүүсүнө өбөлгө түзүүдө. Инвестициялардын өсүшү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана ишкердикти өнүктүрүү көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугун тастыктайт”, – деп белгиледи Координациялык кеңештин төрагасы, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мухтарбек Шербаев.

Район башчысы ошондой эле райондук мамлекеттик администрация Координациялык кеңеш менен биргеликте Ат-Башы районунун туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо максатында стратегиялык пландаштыруу, мониторинг жүргүзүү жана инвестицияларды тартуу механизмдерин мындан ары да өркүндөтүү боюнча иштерди улантарын белгиледи.