Кемин районунда инвестициялык форум: өсүшкө жана жаңы долбоорлорго басым

02.04.2026 10:36
Кемин районунда инвестициялык форум: өсүшкө жана жаңы долбоорлорго басым

2026-жылдын 31-мартында Кемин шаарында «Кемин Инвест – 2026: Өнүгүү жана мүмкүнчүлүктөр» аттуу инвестициялык форум өтүп, ал 2025-жылдагы райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгаруу менен айкалыштырылды. Иш-чара мамлекеттик органдар, бизнес жана инвесторлор ортосундагы диалог үчүн негизги аянтча болду.

Форумдун алкагында 2025-жылдын жыйынтыктары сунушталып, өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары жана райондун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү белгиленди, ошондой эле 15тен ашык инвестициялык долбоорлор тааныштырылды. Өзгөчө көңүл бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана мамлекеттик жана жеке секторлор ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө бурулду.

Акимдин орун басары Дубанаев Алмазбек 2025-жылдын жыйынтыктарын сунуштап, негизги багыттарды белгиледи:

“Мунун негизинде, биздин район туруктуу экономикалык активдүүлүктү сактап, инвестицияларга, инфраструктурага жана экономиканы диверсификациялоого басым жасап жатканын белгилесек болот, ошол эле учурда инфраструктуралык жана кадрдык чакырыктар бар”, – деп белгиледи ал сөзүнүн аягында.

Район башчысы, аким Канболот Тутуев 2026-жылга карата Кемин районунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн планын сунуштап, райондогу 6 муниципалитеттин потенциалдуу инвестициялык объектилерин тааныштырды. Ал эки стратегиялык багытты белгиледи: туризм жана инвестициялар. Бул багыттардын негизги максаты – жеке инвестицияларды тартуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.

“Туризмди өнүктүрүү багытында биз туристтерди тартуу жана райондун имиджин жогорулатуу үчүн 3 ири маданий-экологиялык иш-чараны пландадык: “Ак илбирс-2026” экофестивалы, “Каттама Fest” фестивалы жана “ЭКОдем” фестивалы. Инвестициялар багытында болсо биз 4 түрдөгү коштоо механизмин сунуштайбыз:

Ошондой эле район башчысы потенциалдуу объектилерди атап өтүп, алардын статусун жана инвесторлор үчүн сунуштарын билдирип, жүргүзүлүп жаткан иштердин стратегиялык маанисин баса белгиледи: “Биздин негизги милдет – инвестиция тартуу менен гана чектелбестен, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу, бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана жаңы жумуш орундарын ачуу. Келечекте Кемин району инвестицияларды тартуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана жергиликтүү ишкердикти колдоо боюнча активдүү ишин улантып, бул туруктуу экономикалык өсүшкө жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга негиз болот”.

Иш-чаранын негизги жыйынтыгы катары Кемин райондук мамлекеттик администрациясы, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү жана «Шанфэн ЗЭТ Цемент» ЖЧКсынын ортосунда цемент заводун куруу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлду. Долбоор 2026-жылы ишке ашырылып, алдын ала эсептөөлөр боюнча 1000ге чейин жаңы жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, форумдун алкагында 2025-жылы райондун социалдык-экономикалык ɵнүгүшүнɵ кошкон салымы, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда кɵрсɵткɵн жигердүү катышуусу жана ишенимдүү ɵнɵктɵштүгү үчүн “Мыкты Ɵнɵктɵш - 2025” номинациясында төмөнкү өнөктөштөр сыйланды:

Өз кезегинде Өнүктүрүү саясат институту да өнөктөштөрүнө – райондук Коордианциялык кеңештин мүчөлөрүнө – ыраазычылык каттарын тапшырды.

Форумдун жыйынтыгында катышуучулар иш-чара негизги тараптардын ортосундагы координацияны күчөтүп, өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого жана мындан аркы өсүш үчүн конкреттүү кадамдарды белгилөөгө мүмкүнчүлүк бергенин белгилешти.

Проект: