Кемин районунда инвестиция тартуу жана жумуш орундарын түзүү боюнча чаралар күчөтүлдү

30.03.2026 11:57
Кемин районунда инвестиция тартуу жана жумуш орундарын түзүү боюнча чаралар күчөтүлдү

Кемин районунда Социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, инвестициялык активдүүлүктү күчөтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган Координациялык кеңештин жыйыны өттү.

Жыйналыштын негизги максаты – учурдагы экономикалык чакырыктарды эске алуу менен өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын макулдашуу, ошондой эле алдыдагы инвестициялык форумга конкреттүү инвестициялык сунуштарды даярдоо болду.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар программаны ишке ашыруунун жүрүшүн карап чыгып, мындан аркы кадамдарды аныкташты. Негизги багыттар катары туризмди, айыл чарбасын, энергетиканы жана инфраструктураны өнүктүрүү, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө адаптация чараларын киргизүү жана инклюзивдүү өсүштү камсыз кылуу белгиленди.

Кабыл алынган чечимдер төмөнкүлөрдү камтыйт:

Жетишилген натыйжалар оң динамиканы көрсөтөт: 667 жаңы жумуш орду түзүлүп, 3,5 млрд сомдон ашык инвестиция тартылып, тышкы инвесторлордун катышуусунда 8 долбоор ишке ашырылып, райондук өнүктүрүү фонду аркылуу 115 демилге каржыланды.

Күтүлгөн таасир — натыйжалуу координация жана артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу инвестициялык климатты жакшыртуу, жумуш менен камсыз кылууну көбөйтүү жана калктын жашоо сапатын жогорулатуу.

Координациялык кеңештин төрагасы А. Дубанаев белгилегендей: “Социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруу районду туруктуу өнүктүрүүнүн негизги инструменти болуп саналат. Биздин милдет – пландалган көрсөткүчтөргө жетүү менен катар артыкчылыктарды өз убагында ылайыкташтырып, аймактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу”.

Ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү да диалогдун маанилүүлүгүн белгилешти.

“Координациялык кеңештин алкагында ачык өз ара аракеттенүү жана ишке ашырууга мүмкүн болгон долбоорлорду биргелешип иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги маанилүү”, – деди кеңештин мүчөсү К. Кемелова.

Проект: