Жети-Өгүз районунда дээрлик 600 млн АКШ долларына 16 инвестициялык меморандумга кол коюлду

27.03.2026 20:23
Жети-Өгүз районунда дээрлик 600 млн АКШ долларына 16 инвестициялык меморандумга кол коюлду

2026-жылдын 27-мартында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда “Аймактагы бизнес – 2026” инвестициялык форуму өткөрүлдү. Форумдун максаты инвестицияларды тартуу, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү болду.

Иш-чара райондук мамлекеттик администрация жана Координациялык кеңеш тарабынан уюштурулуп, Улуу Британия Өкмөтүнүн каржылык колдоосунда Өнүктүрүү саясат институту менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жаткан «Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу» (EGED) программасынын техникалык колдоосу менен өткөрүлдү.

Форумдун негизги жыйынтыгы катары райондук администрация, айыл өкмөттөрү жана инвесторлор/аткаруучулар ортосунда 16 үч тараптуу меморандумга кол коюлду. Жалпы инвестиция көлөмү дээрлик 600 млн АКШ долларын түздү.

Долбоорлор төмөнкү тармактар боюнча бөлүштүрүлдү:

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, долбоорлордун 70%ында инвесторлор аныкталган, калган бөлүгү инвестиция тартуу стадиясында.

Жети-Өгүз районунун акими Эрмек Бахавадинов: “Бүгүн кол коюлган меморандумдар – бул чоң өзгөрүүлөрдүн башаты. Биз экономикалык жана социалдык жактан олуттуу жыйынтыктарды күтөбүз, бул калктын жашоо шартын жакшыртууга түздөн-түз таасир этет”, – деп белгиледи.

Форумдун жыйынтыгында ишке ашырылуусу күтүлүп жаткан долбоорлор төмөнкүдөй узак мөөнөттүү натыйжаларды камсыз кылат:

Катышуучулар райондук администрациянын долбоорлорду коштоодогу ролун өзгөчө белгилешти, айрыкча уруксат берүүчү документтерди даярдоо жана процедураларды сактоо маселелеринде.