Финансылык сабаттуулук жана инвестициялык даярдык – иш жүзүндө

17.02.2026 16:06
2026-жылдын 13-февралында Ноокат району аймагында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу темасында семинар өткөрүлдү. Иш-чара Өнүктүрүү саясат институту тарабынан Улуу Британия Өкмөтү колдоосу менен ишке ашырылган EGED программасынын алкагында Координациялык кеңештин демилгеси менен уюштурулду.
Финансылык сабаттуулук жана инвестициялык даярдык – иш жүзүндө

Семинарга жалпысынан 103 адам катышып, алардын 52си аялдар болду. Катышуучулардын курамын аялуу топтордун өкүлдөрү, жаштар жана жергиликтүү ишкерлер түздү. Иш-чара райондук Социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын “Калк” жана “Экономикалык өнүгүү” багыттарын ишке ашырууга салым кошту.

Төрт тематикалык сессиянын жүрүшүндө катышуучулар жеке жана бизнес-финансылык пландоонун негиздерин, чакан бизнесте акча агымдарын башкарууну, рентабелдүүлүктү баалоо инструменттерин, ошондой эле долбоорлордун инвестициялык даярдыгына коюлуучу талаптарды өздөштүрүштү. Өзүнчө көңүл каржылоонун булактарына – мамлекеттик фонддорго, гранттарга, донордук программаларга жана жеке инвестицияларга бурулду.

“Мындай окутуулар экономикалык жактан активдүү жана жоопкерчиликтүү коомчулукту калыптандырат. Инвестициялык мүмкүнчүлүктөр кеңейип, мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун ортосундагы кызматташтык бекемделет”, – деп белгиледи Ишкерлер ассоциациясынын төрайымы, Координациялык кеңештин мүчөсү Сайрагүл Исраилова.

Семинардын жыйынтыгында катышуучулар финансылык сабаттуулук жана жеке жана бизнес-финанстарды башкаруу жаатындагы билимдерин кеңейтип гана тим болбостон, бизнес-демилгелерди инвестиция тартууга даярдоо боюнча практикалык сунуштарды алышты жана жеткиликтүү каржылоо булактары – мамлекеттик фонддор, гранттар, донордук программалар, жеке инвестициялар жана краудфандинг тууралуу түшүнүгүн тереңдетишти.

Семинар тууралуу пикир бөлүшүп, катышуучулар окутуунун жогорку практикалык баалуулугун белгилеп, алынган билимдерди дароо колдонууга мүмкүн экенин баса белгилешти.

“Бул тренинг жогорку практикалык багыты менен айырмаланат. Мен күнүмдүк бизнес ишмердүүлүгүндө колдонууга боло турган конкреттүү инструменттерди алдым”, – деди “Федерал КG” ЖЧКсынын өкүлү, ишкер А. Толипов.

“Тренинг бизнести жүргүзүүнүн заманбап ыкмалары тууралуу түшүнүктү кеңейтип, аларды практикада колдонууга шыктандырды”, – деп белгиледи ишкер Б. Мурзалиева.

“Мен ресурстарды натыйжалуу пландоо жана бөлүштүрүү боюнча жаңы билим алдым. Бул бизнестин туруктуу өнүгүүсү үчүн маанилүү”, – деди жеке ишкер Ж. Жораев.

Маалымат: “Кыргызстандын айылдык аймактарындагы аялуу топтордо финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана инвестициялык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү” темасындагы семинарлар EGED программасынын өнөктөш райондорунда 2026-жылдын 22-январынан тарта өткөрүлүп келе жатат.