Форумдун негизги жыйынтыгы болуп Ноокат райондук ишкерлер ассоциациясы, “Айыл Банк” ААК жана “Элдик Банк” ААК ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлушу болду. Бул документ бизнес-долбоорлорду каржылоого, жаш жана социалдык жактан аялуу ишкерлерди колдоого, ошондой эле калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган.
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Нурайым Атаканова форум мамлекеттик стратегияны жергиликтүү деңгээлде ишке ашыруунун маанилүү куралы экенин белгиледи: “Райондун экономикасын өнүктүрүү ишкердикти, инвестицияларды колдоосуз жана аялуу топторду тартуусуз мүмкүн эмес. Бүгүнкү форум Ноокатта райондун өнүгүүсүнө салым кошо турган реалдуу демилгелер жана адамдар бар экенин көрсөттү”.
Форумдун алкагында социалдык жана креативдүү ишкердиктин ийгиликтүү тажрыйбалары сунушталды: улуттук музыкалык аспаптарды өндүрүү, кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар, тигүү жана кондитердик цехтер, туризм жана кызмат көрсөтүү тармагындагы долбоорлор. Бул демилгелер маданиятты, бизнести жана туризмди бириктирүүнүн туруктуу өнүгүүдөгү мүмкүнчүлүгүн айкын көрсөттү.
Ноокат райондук ишкерлер ассоциациясынын төрайымы Сайрагүл Исраилова жетишилген макулдашуулардын практикалык маанисин белгиледи: “Банктар менен түзүлгөн меморандум – бул ишкерлердин, айрыкча аялдар менен жаштардын каржылоого жетүүсүнө жана өз бизнесин баштап же кеңейтүүгө шарт түзгөн реалдуу кадам”.
Форумдун жыйынтыгында диалогдук аянтчаларды үзгүлтүксүз өткөрүү, финансылык институттар менен кызматташтыкты кеңейтүү жана аялдардын, жаштардын жана инклюзивдүү ишкердикти колдоону күчөтүү боюнча чечимдер кабыл алынды.
Форумдун катышуучулары “мамлекет – бизнес – коомчулук” өз ара аракеттенүү модели Ноокат районунун экономикалык өсүшүнө, жумуш орундарын көбөйтүүгө жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга бекем негиз түзөт деген пикирин бир ооздон айтышты.
Маалымат: Ноокат райондук мамадминистрациясы Улуу Британиянын Өкмөтүнүн каржылоосунда Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу” (EGED) беш жылдык программасынын өнөктөшү. Аталган форум EGED программасынын техникалык колдоосунда иштелип чыккан райондун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында (СЭӨП) камтылган иш-чаралардын бири.