Иш-чаралар жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө тоскоол болуп келген негизги факторлордун бири – калктын финансылык сабаттуулугунун төмөн деңгээлин жоюуга багытталган.
Семинарлардын негизги максаттуу топтору – аялдар, жаштар жана социалдык жактан аярлуу катмарлар, анткени бул топтор финансылык билимдерге, каржылоого жана инвестициялык инструменттерге жетүүдө көбүнчө чектөөлөргө туш болушат.
Окутуулар “Айыл жергесиндеги аярлуу топтордун финансылык сабаттуулугун жана инвестициялык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү” темасында өтүүдө. Иш-чаралар райондук мамлекеттик администрациялардын колдоосу менен Координациялык кеңештердин демилгеси аркылуу уюштурулууда.
ӨСИнин консультанты Айнура Балакунованын айтымында, семинарлардын негизги артыкчылыгы – инклюзивдүү ыкма: “Окутууга атайын аялдар, жаштар, аярлуу топтор жана башталгыч ишкерлер тартылууда. Бул алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт”.
Семинарлар финансылык сабаттуулукту жогорулатуу менен катар, инвестициялык ой жүгүртүүнү жана каржылоого даяр бизнес-долбоорлорду иштеп чыгуу көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган.
Катышуучулар төмөнкү темаларды өздөштүрүшөт:
жеке жана бизнес-финансыларды башкаруу;
бюджетти пландоо;
кирешелүүлүктү талдоо жана чыгымсыздык чекитин эсептөө;
гранттардын, насыялардын жана инвестициялардын айырмачылыктары;
инвесторлордун талаптары жана долбоорлорду кыскача тааныштыруу (pitching).
Ишкер Назгуль Салимбаева семинардын практикалык пайдасын белгиледи: “Карыздык тузак деген эмне экенин жана анын бизнеске тийгизген таасирин түшүндүм”.
Ишкер Чынара Тынысова тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи: “Жаштардын активдүү катышуусу абдан пайдалуу болду”.
Саламаттык сактоо тармагынын кызматкери Роза Орзубекова семинар жеке максаттарын аныктоого жардам бергенин айтты: “Аялдар үчүн фитнес-зал ачуу максатым бар, эми эмнеден баштоо керектигин билем”.
Катышуучулар мындай окутууларды улантуу жана кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.
Семинарлар EGED программасынын алкагында эл аралык өнүгүү үчүн Улуу Британия өкмөтүнүн (FCDO) каржылык колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте ишке ашырылууда.