Ат-Башы районунун туристтик потенциалын өнүктүрүү: СЭӨП алкагында жергиликтүү бизнести колдоо

06.02.2026 11:45
2026-жылдын 14-январында Ат-Башы районунун социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын (СЭӨП) алкагында туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана жергиликтүү ишкерлерди илгерилетүүгө багытталган иш-чаралар комплекси ишке ашырылды.
Ат-Башы районунун туристтик потенциалын өнүктүрүү: СЭӨП алкагында жергиликтүү бизнести колдоо

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен, райондук Координациялык кеңештин активдүү катышуусунда жана EGED программасынын колдоосу аркылуу мейманкана жана ресторан бизнесиндеги кызмат көрсөтүүлөрдүн абалын баалоо боюнча жумушчу жыйын өткөрүлдү. Жыйындын жыйынтыгында ишкерлерге практикалык колдоо көрсөтүү жана аларды Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу менен жыл сайын өткөрүлүүчү “HoReCa Awards” республикалык сынагы аркылуу илгерилетүү тууралуу биргелешкен чечим кабыл алынды.

Бул чечимди ишке ашыруу максатында Координациялык кеңеш райондук мамлекеттик администрация менен биргеликте мейманкана жана ресторан бизнеси субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатына мониторинг жүргүздү. Баалоонун жыйынтыгында сынакка катышуу үчүн “Ат-Башы” рестораны, “Ат-Башы” кафеси жана “Жибек-Жолу” конок үйү тандалып алынды. Тандалган ишкерлерге арыздарды жана документтерди даярдоо боюнча консультациялык колдоо көрсөтүлдү.

Кыргызстандын бардык аймактарынан 500дөн ашык ресторан жана мейманкана, ошондой эле 56 конок үйү катышкан “HoReCa Awards” сынагы ТПП КРнын төрагасы Темир Сариевдин жетекчилиги алдында өткөрүлдү. Сынактын жыйынтыгында “Жибек-Жолу” конок үйү “Эң мыкты конок үйү” номинациясында I орунга ээ болду.

Жеңиш ишканага туруктуу өнүгүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди, анткени сыйлык катары жеңүүчү окутуу программаларына катышуу, сервис боюнча тренингдерден өтүү жана республикалык деңгээлде акысыз маалымат жайылтуу мүмкүнчүлүгүн да алды.

Ат-Башы ишкерлер ассоциациясынын жетекчисинин айтуусуна ылайык, бул ишке ашырылган иш-чаралар СЭӨПнын алкагында райондук администрация, Координациялык кеңеш жана жергиликтүү бизнес ортосунда натыйжалуу өнөктөштүктү көрсөтүп, Ат-Башы районунун туристтик жагымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түздү.