Жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн ченем жаратуу боюнча окутуу Таласта өттү

13.12.2025 09:07
Жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн ченем жаратуу боюнча окутуу Таласта өттү

2025-жылдын 12-декабрында Талас облусунда жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн ченем жаратуу боюнча окутуу өттү. Иш-чарага юстиция министринин орун басары Сыдыков Орозбек катышты.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, аймактын жергиликтүү кеңештери 2025-жылдын тогуз айында ЧУАнын мамреестрине 63 ченемдик акт киргизген.

Окутуу Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас аймактарын камтып, төраталар, депутаттар, жооптуу катчылар, айыл өкмөтү башчылары жана мэрлерден турган жалпы 51 катышуучу болду.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин демилгеси менен, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик, Өнүктүрүү саясат институту (DPI) жана ЖӨБ союзу менен биргеликте Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен өткөрүлдү.