Нарын облусунда жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн ченем жаратуу боюнча окутуу өткөрүлдү

10.12.2025 09:02
Нарын облусунда жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн ченем жаратуу боюнча окутуу өткөрүлдү

2025-жылдын 8–9-декабрында Нарын облусунда жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн ченем жаратуу боюнча окутуу өттү.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, аймактын жергиликтүү кеңештери 2025-жылдын тогуз айында ЧУАнын мамреестрине 925 ченемдик акт киргизген.

Окутууга Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор жана Тогуз-Торо аймактарынын төрагалары, депутаттары, жооптуу катчылары, айыл өкмөтү башчылары жана мэрлери болуп жалпысынан 90 адам катышты: Нарын – 51, Чаек (Жумгал) – 39.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин демилгеси менен, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик, Өнүктүрүү саясат институту (DPI) жана ЖӨБ союзу менен биргеликте Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен өткөрүлдү.