Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган жана Хельветас менен Өнүктүрүү саясат институту уюмдарынын консорциуму тарабынан ишке ашырылып келген “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” (ЖДКЖ) долбоорунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын алты максаттуу районунда катуу тиричилик калдыктарын (КТК) башкаруу боюнча райондук программалар биринчи жолу иштелип чыгып, бекитилди.
Программалар Кыргыз Республикасынын “Өндүрүштүк жана керектөө калдыктары жөнүндө” 2023-жылдын 15-августунда кабыл алынган Мыйзамына ылайык иштелип чыкты. Аталган мыйзамдын 5-беренесине ылайык, калдыктарды башкаруу жаатындагы регионалдык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктарына кирет.
ЖДКЖ долбоорунун максаттуу райондору болуп төмөнкүлөр саналат:
“Калдыктарды башкаруу боюнча регионалдык программалардын бирдиктүү улуттук стандарты жок болгондуктан, ЖДКЖ долбоору программанын типтүү формасын сунуштады. Бул документ район аймагында катуу тиричилик калдыктары менен иштөөдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен ишинин негизги багыттарын жана милдеттерин аныктайт. Ошондуктан катуу тиричилик калдыктарын башкаруу боюнча райондук программалардын кабыл алынышы жергиликтүү деңгээлде туруктуу жана заманбап калдыктарды башкаруу тутумун түзүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат”, – деди Асель Мамбетова, ЖДКЖ долбоорунун менеджери.
Программанын негизги максаты – калктын саламаттыгын чыңдоо жана калдыктардын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу үчүн экологиялык жактан коопсуз, натыйжалуу жана экономикалык жактан негизделген КТК башкаруу тутумун киргизүү.
Программаларда ар бир муниципалитет жана район боюнча учурдагы абалдын кеңири талдоосу жүргүзүлүп, калдыктардын пайда болуу көлөмдөрү, аларды чогултуу, эсепке алуу жана жайгаштыруу системалары, ошондой эле колдонулуп жаткан тарифтер каралган. Алынган маалыматтардын негизинде калдыктардын пайда болуу болжолу түзүлүп, системаны этап-этабы менен өнүктүрүү жолдору сунушталды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, эл аралык тажрыйбага жана калдыктарды башкаруунун жалпы кабыл алынган иерархиясына ылайык эң мыкты жеткиликтүү технологияларга өзгөчө көңүл бурулду. Бул иерархияда калдыктардын пайда болушун алдын алуу жана кайра иштетүү негизги артыкчылык болуп саналат.