2025-жылдын 2–4-декабрында Баткен облусунда жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн ченем жаратуу боюнча окутуулар өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги, Өнүктүрүү саясат институту жана Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен биргеликте Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылды.
Окутуу Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунун, ошондой эле Раззаков, Сүлүктү, Баткен, Айдаркен жана Кызыл-Кыя шаарларынын жергиликтүү кеңештерин камтыды. Ага жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, жооптуу катчылар, айыл өкмөтү башчылары жана мэрлер катышты.
Жалпы катышуучулардын саны 93 адамды түздү: Раззаков – 28, Баткен – 33 жана Кадамжай – 32.
Кыргызстан боюнча 264 жергиликтүү кеңеш жана 6384 мандат бар. Алар кабыл алган токтомдор мыйзамга шайкеш келүүгө жана Юстиция министрлиги жүргүзгөн Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине (мындан ары — Мамреестр) киргизилип, укуктук маалыматтын борборлоштурулган маалымат базасында (мындан ары — УМБ) жарыяланат.
Юстминдин маалыматына ылайык, Баткен облусунун жергиликтүү кеңештери 2025-жылдын тогуз айында Мамреестр 1167 токтом киргизген. Облус ченем жаратуу боюнча туруктуу активдүүлүк көрсөтөт, бирок туура эмес юридикалык техника, ыйгарым укуктардын так бөлүнбөшү жана документтерди Мамреестрге убагында жөнөтүүдөгү кечигүүлөр сыяктуу маселелер дагы орун алат.
Мындай жагдайлар токтомдорду колдонууда белгилүү бир татаалдыктарды жаратып, айыл өкмөтү менен мэриялардын ишине жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүнө таасир этиши мүмкүн. Окутуу ушул маселелерди жөнгө салууга жана туруктуу ченем жаратуу практикасын калыптандырууга көмөктөшөт.
Окутуулар жергиликтүү кеңештердин ченем жаратуучу актыларын даярдоо боюнча жаңы методикалык колдонмонун негизинде өткөрүлүп, практикалык иштер жана чыныгы мисалдар менен бекемделди.