Бүгүн биз “Жергиликтүү кеңештин аял депутатынын жергиликтүү демилгеси” конкурсунун жеңүүчүлөрүн куттуктап, бардык катышуучуларга күчтүү өтүнмөлөрү жана жамааттары үчүн жасап жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдиргибиз келет.
Жеңүүчүлөр жана байгелер
1-орун, 209 упай, 70 000 сомдук байге
Демилге: “Теңдик айылына заманбап балдар аянтчасын куруу”
Чолпонкулова Гульназ Жанылаевна
Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Бүргөндү-Достук айылдык аймагы;
2-орун, 207 упай, 50 000 сомдук байге
Демилге: “Жакшы жашоо үчүн тиккенди үйрөнөбүз”
Токтобаева Роза Токтомамбетовна
Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаары;
3-орун, 205 упай, 40 000 сомдук байге
Демилге: “Аялдардын ден соолугун чыңдоого, сулуулугун сактоого жана күч-кубат топтоого жардам берүү”
Базарбаева Чолпон Дүйшөнбековна
Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Атай айылдык аймагы.

Жергиликтүү кеңештердин төмөнкү аял депутаттарына 20 000 сомго кызыктыруучу байгелер:
Демилге: “Айылдагы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылуу жана аялдар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү максатында жаңы бала бакча корпусун куруу”
Салибаева Анархан Маматысаевна
Ош облусу, Чоң-Алай району, Кашка-Суу айылдык аймагы;
Демилге: “Бактылуу айым”
Омурова Шарапат Маннаповна
Баткен облусу, Баткен району, Аксай айылдык аймагы;
Демилге: “Аялдар үчүн финансылык сабаттуулук жана бизнес көндүмдөрү”
Койчубекова Айнура Кулчороевна
Талас облусу, Талас району, Талас шаары;
Демилге: “Суу сыйлаган зор болоор, суу кордогон кор болоор”
Жоробекова Гулбайра Керималиевна
Жалал-Абад облусу, Аксы району, Сары-Челек айылдык аймагы.
Жеңүүчүлөр кантип тандалды
Конкурстук комиссия 59 өтүнмөнү кылдаттык менен карап чыгып, упайлардын суммасына жараша жеңүүчүлөрдү аныктап, ошондой эле кызыктыруучу сыйлыктарды ыйгарды. Демилгелерди тандоодо конкурстун жобосуна ылайык, 2024-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилде ишке ашырылган жаңы идеяларга басым жасалды.
Комиссиянын курамына МКЖӨБМАнын, КР БШКнын, БАЖБАнын, КР ЖӨБ Союзунун жана ӨСИнин өкүлдөрү кирди.

Сыйлык тапшыруу аземи 2025-жылдын 28-октябрында “Ololo Planet” жыйындар залында “Жамааттарды өнүктүргөн аялдар” талкуусунун алкагында өттү. Катышуучуларды МКЖӨБМАнын, Швейцария Элчилигинин, КР БШКнын жана ӨСИнин өкүлдөрү куттукташты.
Аялдардын лидерлигине дем берүү боюнча атайын сессия жана сыйлык тапшыруу аземи эсте каларлык жана эмоционалдуу болду. Аземден кийин катышуучулар өздөрүнүн мыкты практикалары менен тааныштырышты. Ар бир демилге – бул айылдын жана шаардын деңгээлиндеги конкреттүү өзгөрүүлөрдү, балдар үчүн коопсуз жана жеткиликтүү мейкиндиктерди, аялдар үчүн жаңы жумуш мүмкүнчүлүктөрүн, финансылык сабаттуулукту жогорулатууну, ден соолукту чыңдоону жана ресурстарга аяр мамиле жасоону сүрөөнү билдирет. Бул долбоорлор ЖӨБ органдарына жана жергиликтүү жамааттарга инфраструктурадан социалдык кызмат көрсөтүүлөргө чейинки практикалык тапшырмаларды аткарууга жардам берет.
Банк секторунун катышуусуна өзгөчө басым жасалды. “Айы л Банк” менен “Элдик Банктын” өкүлдөрү аялдардын демилгелерин колдоо тажрыйбасы менен бөлүшүп, жергиликтүү жамааттар үчүн жеткиликтүү финансылык аспаптар тууралуу айтып беришти.
Бардык катышуучуларга идеялары жана өжөрлүгү үчүн, комиссиянын мүчөлөрүнө кесипкөй жана ачык-айкын иши үчүн, ал эми өнөктөштөрүбүзгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Жергиликтүү жамааттардын жумалыгы Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн алкагында өттү. Өнөктөштүктүн курамына Өнүктүрүү саясат институту, КР ЖӨБ Союзу жана БАЖБА кирет.
Конкурстук комиссиянын протоколун БУЛ жерден жүктөп алууга болот