Оштогу фокус-сессия Ноокат (Ош), Базар-Коргон (Жалал-Абад) жана Кадамжай (Баткен) райондорунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук мамлекеттик администрациялардын, бизнестин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Өлкөнүн райондорун канткенде инвестициялар жана туруктуу өсүш үчүн жагымдуураак кылуу уюштуруучулардын да, катышуучулардын да алдына коюлган негизги суроо болду. Ошондуктан, күн ичинде катышуучулар административдик жана инфраструктуралык тоскоолдуктар, бардык кызыкдар тараптарды эске алуу жана алардын катышуусу менен райондордун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуунун ыкмаларын талкуулап, практикалык иш-аракеттерди сунушташты.
“Көйгөй кээде аткаруучулардын жок болгонунда же муну кантип жасаш керектигин билбегенибизде да эмес. Мисалы, биздин райондун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) иштеп чыгууга катышкандардын дээрлик бардыгы башка кызматтарга которулуп кетишти. Бүгүнкү күндүн жыйынтыгы менен Программабызга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип, ресурстарды көрсөтүп, чечилген көйгөйлөрдү белгилешибиз керектигин түшүндүм”, - дейт Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы.
Жарандык коомдун өкүлү да кантип жана эмнени өзгөртүүгө боло турганы жөнүндө оюн билдирди: “Тилекке каршы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биз чакырган адистерди жиберишпейт. Себеби, тигил же бул кесиптер үчүн атайын модулдарды даярдайбыз, бирок жеринде кадрлардын тартыштыгынан кээде такыр кызыкдар болбогон, теманы түшүнбөгөн адистер келип калышат. Алардан эч кандай кайтарым жок жана өз муниципалитетине да эч кандай пайда жок. Ошол эле учурда тема боюнча адис тренингге жиберилсе, бул чөйрөдөгү жаңылыктар менен таанышып, кесиптештери менен баарлашып, маалымат, пикир, тажрыйба алмашууга эң сонун мүмкүнчүлүк болмок. Ал жаңы билим жана көндүмдөрдү алуу менен өз жамаатына пайда алып келмек”.
Катышуучулар ошондой эле чечимдерди кабыл алуучу адамдар өз аймактарына келген жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу жаңылыктарга жана кайрылууларга дайыма эле өз убагында жооп кайтара бербестигин белгилешти. Натыйжада мүмкүнчүлүктөр колдон чыгарылып, муниципалитет же район өз казанында кайнап, инвесторлор болсо башка аймактарга кетип калууда.
“Биз, бизнестин өкүлдөрү, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, жергиликтүү бюджетке киреше алууга жана инфраструктураны өнүктүрүүгө жардам бере турган бизнес үчүн ижарага жер тилкесин бөлүп берүү өтүнүчү менен ЖӨБ органдарына кайрылган учурлар болуп калат. Ал эми бизге жагымсыз жерден – аймактын четинен, тоонун боорунан, айылдын аягында же оңой менен жетүүгө кыйын болгон башка жерден жер тилкесин бөлүп беришет. Анан кантип иштешибиз керек?”,-дейт Базар-Коргон районундагы ишкер.
Чакан топтордо бир нече практикалык көнүгүүлөрдү аткаруу менен фокус-сессиянын фасилитаторлору андан аркы сунуштарды иштетүү үчүн зарыл маалыматтарды алышты. Ар бир топ өз иштерин сунушташты, ал жерде райондун өзгөчөлүгүн, колдо болгон мүмкүнчүлүктөрүн, ресурстарын, тобокелдиктерин, көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдорун, ишке ашыруучу катышуучуларды жана алардын ролун эске алуу менен адистештирүү сунушталды.
Маалымат үчүн: Оштогу фокус-сессия Улуу Британия Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келаткан “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” (EGED) программасынын алкагында уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен кызматташтыкта Жергиликтүү жамааттардын жумалыгынын алкагында өткөрүлдү. Ушундай эле иш-чара 15-октябрда Бишкекте Ат-Башы (Нарын), Айтматов (Талас), Жети-Өгүз (Ысык-Көл), Кемин (Чүй) райондорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Фокус-сессиялар райондордун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары (СЭӨП) менен байланыштырылып, алардын тармактык жана аймактык адистешүүсүн эсепке алуу менен райондордун инвестициялык муктаждыктарын аныктоо жана инвестициялык климатты жакшыртуу максатында уюштурулду. Анда административдик тоскоолдуктарды төмөндөтүү, райондун инвестициялык беделин сүрөө, чакан жана орто бизнести колдоо, санариптештирүү, эмгек рыногун өнүктүрүү жана жергиликтүү калк менен жаңжалдардын алдын алуу маселелери талкууланды.