Ошто OGP Local демилгесинин алкагында “Ачык Ош” жумушчу тобунун экинчи жыйналышы өттү

07.08.2025 17:04
Бул демилге дүйнө жүзү боюнча шаарларга өз тургундары үчүн ачык жана айкын болууга жардам берет.
Ошто OGP Local демилгесинин алкагында “Ачык Ош” жумушчу тобунун экинчи жыйналышы өттү

2025-жылдын 1-августунда Ош шаарында “Ачык Ош” жумушчу тобунун экинчи жыйналышы өттү. Жыйналыш OGP Local (Ачык жергиликтүү башкаруу) глобалдык демилгесинин алкагында Биргелешкен иш-аракеттер планынын долбооруна киргизүү үчүн сунушталган шаардык демилгелерди талкуулоого арналды. 

Ош шаары бул демилгеге 2024-жылы кошулуп, ушул тапта өзүнүн биринчи планын даярдоо баскычында турат. 

Жыйналышты Ош шаардык мэриясы Өнүктүрүү саясат институтунун техникалык колдоосу алдында, “ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк” программасынын алкагында уюштурду.

Жолугушуунун жүрүшүндө демилгелердин авторлору, жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү төрт сунушту беришти:

Катышуучулар, мэриянын жана жергиликтүү уюмдардын өкүлдөрү айтылган сунуштарды талкуулап, сын-пикирлерди жана сунуштарды беришти. 

Биргелешкен иш-аракеттер планынын үстүнөн иштер уланууда. “Ачык Ош” демилгеси диалогду кеңейтүүгө жана натыйжалуу мамлекеттик жана жергиликтүү башкарууну сүрөөгө багытталган. 

Жыйналыш Швейцария Өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) ишке ашырып жаткан “ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк” программасынын колдоосу алдында өттү.