Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн 2026-жылга коомдук бюджеттик угуулар боюнча маалыматтык өнөктүк.

14.07.2025 11:12
Бишкекте Чүй облусунун ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү үчүн коомдук бюджеттик угууларга даярдык көрүү боюнча маалыматтык семинар жыйынтыкталды.
Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн 2026-жылга коомдук бюджеттик угуулар боюнча маалыматтык өнөктүк.

КР Финансы министрлигинин райондук финансы башкармалыктарынын 60 жетекчиси жана адистери, ошондой эле мэриялардын жана айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү жеринде бюджеттик угууларды өткөрүүнүн негизги аспаптары менен тааныша алышты. 

Семинар КР Финансы министрлиги жана Өнүктүрүү саясат институту уюштурган аймактык иш-чаралардын сериясында жыйынтыктоочу болуп калды. 

Башка аймактардагыдай эле коомдук бюджеттик угууларды уюштуруу жана өткөрүү маселелеринен тышкары катышуучулар Дем берүүчү гранттар жөнүндө жаңыланган жобо жана Долбоорлорду ишке ашыруу боюнча нускама (Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы №103 токтому) менен кеңири таанышты.

gb.minfin.kg жарандык бюджет порталынын ичин толтуруу боюнча бир топ практикалык иштер жасалды. 

Семинардын соңунда катышуучулар муниципалитеттерде ачык бюджеттик угууларды өткөрүүдөгү кыйынчылыктарды жана колдонулуп жаткан тажрыйбаларды талкуулашты.

“Мындай семинарлар биз үчүн жакшы салтка айланды. Жыл сайын коомдук бюджеттик угууларга даярдык көрүүнүн алкагында биз ӨСИде КР Финансы министрлиги менен биргеликте бул процессте муниципалитеттерге колдоо көрсөтүү максатында аймактарга чыгып келебиз. Бул бир жолку акция эмес, ал ырааттуу жана мазмундуу иштин бир бөлүгү болуп саналат. Ал жеринде мамлекеттин артыкчылыктарын ишке ашырууга, кызматкерлердин кесипкөй көндүмдөрүн бекемдөөгө жана бюджеттик процесстерди муниципалитеттердин өздөрү үчүн кыйла түшүнүктүү жана колдонула тургандай кылууга мүмкүндүк берет”, - деп кошумчалады семинардын катышуучуларына кайрылуусунда ӨСИнин жергиликтүү ресурстар боюнча адиси Азамат Мамытов. 

Өнөктүккө катышкандардын баарына, ошондой эле жергиликтүү бюджетти адамдарга күн сайын жакын кылып жаткан, жеринде иш алып барган финансы кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз.