Ишкердикти жана туризмди өнүктүрүү: Ноокаттагы тегерек столдун жыйынтыктары

06.03.2025 16:03
Кененирээк маалымат алуу үчүн байланыш: Бакай Молдошев, EGED программасынын ассистенти, bmoldoshev@dpi.kg
Ишкердикти жана туризмди өнүктүрүү: Ноокаттагы тегерек столдун жыйынтыктары

2025-жылдын 5-мартында Ноокат шаарында райондогу ишкердикти жана туризмди колдоого арналган тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, бищнес-ассоциациялардын, банк мекемелеринин жана ишкерлердин өкүлдөрү катышты. Талкууну өткөрүү Ноокат райондук мамлекетти администрациясы тарабынан демилгеленип, Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту менен кызматташтыкта ишке ашырылган “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасынын (EGED) техникалык колдоосунда өткөрүлдү. Программа тууралуу кененирээк: www.eged-ca.org  

Талкуунун өзөктүк темалары болуп чакан жана орто бизнести мамлекет тарабынан колдоо маселелери, каржылоо механизмдери, ошондой эле ишкерлер туш болгон тоскоолдуктар каралды. Ноокат районунун туристтик потенциалын өнүктүрүүгө, инвесторлорду тартуу жана инфраструктураны жакшыртуу пландарына да өзгөчө көңүл бурулду.

“Ишкердик биздин аймак үчүн өнүгүүнүн негизги багыты болуп саналат. Бүгүнкү талкуунун жүрүшүндө учурда ишке ашырылып жаткан программалар, аны менен катар  банктар аркылуу жеңилдетилген насыяларды алуу мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат тартууланды. Банк жана каржы институттарынын өкүлдөрү чакан бизнести каржылоонун жеткиликтүү инструменттери тууралуу кеңири айтып беришти”, – деди Ноокат районунун башчысынын – акимдин орун басары Абилов Мамажунус.

В ходе встречи также были обсудили перспективы развития туризма как драйвера местной экономики. Участники подчеркнули необходимость создания благоприятных условий для бизнеса в сфере развития гостеприимства, а также продвижения местных достопримечательностей. В числе инициатив – открытие туристических хабов и создание новых туристических маршрутов.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү экономиканын кыймылдаткычы (драйвер) катары туризмди өнүктүрүү перспективалары да талкууланды. Катышуучулар меймандостукту өнүктүрүү жаатында бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле жергиликтүү кызыктуу жерлерди тааныштыруу аркылуу аларды кеңири жайылтуу зарылдыгын белгилешти. Катышуучулар тарабынан айтылган демилгелердин арасында туристтик борборлорду ачуу жана жаңы туристтик маршруттарды түзүү сунуштары да айтылды.

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча ишкердик активдүүлүгүн күчөтүү үчүн чаралар, анын ичинде грантык программалар боюнча окутуу семинарларын жана консультацияларды өткөрүү сунушталды.   

Катышуучуларга 2025-жылдын 21-майында Ноокатта Эл аралык ишкердик күнүнө арналган иш-чара өткөрүлө тургандыгы маалымдалды. Анын жүрүшүндө туризмди жана ишкердикти өнүктүрүү жаатындагы маселелердин каралышы улантыла тургандыгы кошмчаланды.

Проект: