Министрлер кабинети айыл башчысы жөнүндө жобону бекитти

22.11.2024 14:52
Бул тууралуу Токтом сайтында маалымдалды.
Министрлер кабинети айыл башчысы жөнүндө жобону бекитти

Маалыматка ылайык, жобо эмгек келишиминин негизинде кабыл алынган айыл башчысынын кызмат ордуна талапкерлердин квалификациялык талаптарын, милдеттерин, критерийлерин аныктоо максатында иштелип чыккан.

Регламентке ылайык, айыл аймагынын административдик борборунан өзүнчө жайгашкан айылдарга, айылдык аймактарга айыл башчысынын кызмат ордун киргизүү, жергиликтүү маанидеги маселелерди тез арада чечүүнү уюштуруу жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн айыл өкмөтү айыл аймагынын башчысынын кызмат ордун киргизе алат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булакка шилтеме: 24KG

Скачать: