Майдан айылдык кеңешинин депутат айымдарынан жаш муунга белек

12.09.2024 08:32
2024-жылдын сентябрь айынын башында Баткен облусунун Майдан айыл өкмөтүндөгү 4 мектеп, 1 бала бакча жана 3 ҮДТ жаңы принтерлерге ээ болушту.
Майдан айылдык кеңешинин депутат айымдарынан жаш муунга белек

Бул жардам Майдан айылдык кеңешинин депутат айымдарынан түзүлгөн "Даткалар" демилгечи тобунун активдүүлүгүнөн улам мүмкүн болду.

“2023-жылы Баткен облусунда сынамык катары Швейцария өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн» өнөктөштүк” программасы өз ишин баштаган. Ошондо биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү. Анткени программанын алкагында бизге көптөгөн окуулар өткөрүлүп, консультациялык колдоо көрсөтүлдү. Бул колдоонун соңунда биз үчүн өз демилгелерибизди жазып, анын натыйжасында конкурс аркылуу гранттык колдоо алуу шарты түзүлүп берилди. Насип экен, биздин “Аял бактысы – бала" деген демилгебиз 6 жеңүүчүнүн бири болуп, анын артынан биз өнөктөштүк программасынан 130 миң сомдук грант алдык”, - деди демилгечи топтун лидери Аширова Алмакан, Саид Баюми атындагы орто мектебинин мугалими.

Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутат айымдары үчүн окуулар аталган өнөктөштүктүн алкагында Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА) тарабынан өткөрүлгөн. Конкурска жалпысынан 14 табыштама түшүп, алардын ичинен 6 демилге эң мыкты деп табылып, ар бири 130 миң сомдун тегерегинде гранттык колдоо алышкан. Конкурстун жеңүүчүлөрү тууралуу кененирээк: https://myktyaimak.gov.kg/single-news?lang=kg&id=563