Тогуз-Булактык депутаттар айымдар: “Таза коом тазалыктан башталат!”

03.09.2024 09:54
2024-жылдын 2-сентябрында Тогуз-Булак айылдык аймагынын 5 мектеп жана 3 бала бакчасына таштанды үкөктөрү тапшырылды.
Тогуз-Булактык депутаттар айымдар: “Таза коом тазалыктан башталат!”

2024-жылдын 2-сентябрында Баткен облусунун Лейлек районундагы Тогуз-Булак айылдык аймагында жакшы жөрөлгөгө жол салынды. Бул күнү жергиликтүү кеңештин аял депутаттары Билим күнүнө арналган салтанатта орто жана мектепке чейинки билим берүүчү мекемелерге таштанды үкөктөрүн тапшырышты.

“Биздин коомдун жаш муун өкүлдөрүнө тарбия жана билим берүүгө зор салымын кошкон мугалимдерге, балдарына билим берүүгө үндөп, болгон мүмкүнчүлүктөрүн багыттаган ата-энелерге ыраазычылык билдирем. Аны менен катар жергиликтүү кеңештин депутаты катары Өнүктүрүү саясат институту швейцариялык программанын[1] алкагында жарыялаган конкурска “Таза коом тазалыктан башталат!” демилгеси менен катышып, анын натыйжасында 130 миң сомдун тегерегинде гранттык колдоо утуп алганбыз. Ал каражатка биздин сурообуз боюнча конкурстун уюштуруучулары таштандылардын ар кандай түрлөрү үчүн бөлүмчөлөрү бар үкөктөрдү – пластик, айнек, кагаз жана сорттолбогон – сатып беришти. Таза коом тазалыктан башталат деген идея менен биз бул үкөктөрдү бүгүн биздин аймактагы жааш муундардын билим ордосу болгон 5 мектеп жана 3 бала бакчага тапшырып бердик”, – деди депутат айым Файзуллаева Раат.

Аталган конкурс 2024-жылдын башында Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин айым депутаттарын колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  (БШК) менен биргеликте «Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн» өнөктөштүк программасынын Чакан гранттар программасы тарабынан жарыяланган. Анда конкурска 14 демилге табыштамасы берилип, анын ичине 6 демилге колдоого алынган[2].    

___________

[1] "«Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн» өнөктөштүк" Программасы «Өнүктүрүү саясат институту» коомдук бирикмеси, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу» юридикалык жактардын бирикмеси жана «Борбордук Азиядагы жергиликтүү башкаруу Академиясы» мекемеси тарабынан Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды биргелешип ишке ашыруу жана күч-аракеттерди бириктирүү максатында түзүлгөн.

[2] Жеңүүчү-демилгелер тууралуу кененирээк: https://myktyaimak.gov.kg/single-news?lang=kg&id=563