“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун үчүнчү фазасынын максаттуу багыттары тандалды

19.08.2024 11:08
Долбоордун иш-аракеттери тууралуу кененирээк: https://dpi.kg/ky/activity/projects/full/0/87.html
“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун үчүнчү фазасынын максаттуу багыттары тандалды

2024-жылдын августунда Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” швейцариялык долбоорунун үчүнчү фазасы башталды.

Долбоордун бул фазасын ишке ашыруунун алкагында райондук таштандыларды башкаруу пландарын, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга колдоо көрсөтүү пландаштырылууда. Бул максатта райондун бардык муниципалитеттери менен, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациялардын деңгээлинде комплекстүү иштер жүргүзүлө турган максаттуу багыттар тандалып алынды.

Ийгиликтүү жана натыйжалуу кызматташууга жетишүү үчүн Долбоор менен төмөнкү райондук мамлекеттик администрациялардын ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюлду:

Долбоордун үчүнчү фазасы төрт жылга эсептелип, анын жүрүшүндө таштандыларды башкаруунун региондук планынын негизинде райондук деңгээлде катуу калдыктарды чогултуу жана чыгаруу боюнча кызматтарды уюштурууда эксперттик техникалык жана гранттык колдоо көрсөтүлөт. Бул өз кезегинде  «Керектөө жана өндүрүш калдыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-августундагы Мыйзамына ылайык ар бир райондо кабыл алынууга тийиш.

 

Проект: