Аксы районунун ЖӨБ органдары жергиликтүү кызматтардын ийгиликтүү тажрыйбалары менен таанышышты

08.08.2024 13:49
Иш-чара Өнүктүрүү саясат институту аткарган USAIDдин "Ийгиликтүү аймак 2" долбоорунун колдоосунда өткөрүлдү.
Аксы районунун ЖӨБ органдары жергиликтүү кызматтардын ийгиликтүү тажрыйбалары менен таанышышты

Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын (БАЖБА) "Теңге тең" өз ара окутуу платформасы 7-август күнү Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында Аксы районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө платформанын максатына ылайык, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган ийгиликтүү практикалар тартууланды:

Мындан сырткары муниципалдык ишканалар тарабынан жергиликтүү кызматтарды көрсөтүүдө абоненттерден төлөмдөрдү алуу жолун жеңилдеткен мультифункциялык система "Оймо Биллинг" тиркемесинин функциялары тартууланды.

Бардык үч тема тең жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүүчү кызматтарга тиешелүү болгондуктан, жыйындын катышуучуларынан көптөгөн суроолор түшуп, маалымат жана тажрыйба алмашуу да орун алды.

Райондук фонддун өкүлү, мурдагы Авлетим айылдык кеңешинин төрагасы Абдыраманов Нурмырза “теңге тең” платформасы өз ара окутууда жана ЖӨБ органдарынын бири-биринен үйрөнүүдө мааниси чоң экендигин айтып, жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу процессинде түрдүү кызматтарга болгон тарифтерди эсептеп чыгууда кандай жагдайларды жана чыгымдарды эске алуу керек экендиги тууралуу кененирээк айтып берүүнү жана мүмкүн болсо кандайдыр бир формулалар менен бөлүшүүнү уюштуруучуларга сунуштады.

“Кербен Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси катышуучуларга мекеменин таржымалы, көрсөтүп жаткан кызматтары жана алар менен иш алып барууда “Оймо Биллинг” мультифункциялык системанын артыкчылыктары тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Аксы райондук Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Замирбек мырза бул өңдүү иш-чаралардын пайдасы зор, ал эми аларды ишке ашырууда БАЖБА жана Өнүктүрүү саясат институту сыяктуу уюм-мекемелердин ролу чоң экендигин белгилеп өттү. Аны менен катар аким платформанын координатору Астаров Даниярга ушул өңдүү тажрыйба алмашууну Нарын облусуна уюштуруп берүүгө көмөктөшүү көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Проект: