USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору Ноокат районунда тажрыйба алмашуу иш-чарасын колдоду

07.08.2024 09:50
Иш-чара тууралуу кененирээк "Муниципалитет" журналынын сентябрь айындагы санынан окуй аласыздар.
USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору Ноокат районунда тажрыйба алмашуу иш-чарасын колдоду

2024-жылдын 6-август күнү Ош облусунун Ноокат шаарында “теңге тең” өз ара окутуу платформасы өзүнүн кезектеги жыйынын өткөрдү. Иш-чаранын негизги максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган тажрыйбаларды ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашуу аркылуу өз ара окутуу.

“Теңге тең” платформасынын өзгөчөлүгү – ЖӨБ органдарынын кызматкерлери өз кесиптештеринен – ошол эле ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринен үйрөнүшөт. Жыйындын жүрүшүндө бул жолу катышуучуларга USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору менен кызматташуусунун алкагында ийгиликтүү ишке ашырылган үч тажрыйбаны сунушталды:

Жогоруда айтылган ЖӨБ органдарынын ийгиликтүү тажрыйбалары сунушталып бүткөн соң катышуучулар суроолорун берип, өз тажрыйбалары жана ишке ашырылып жаткан демилгелери менен бөлүшүштү.

Кулатов айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Досова Саадат мектептин базасында кыз балдарды кол өнөрчүлүк багытында кутучаларды, боз үйлөрдү жана баштыкчаларды тигүү, кондитердик чүйгүн тамактарды жасоо ийримин ачуу демилгесин көтөрүп чыккандыгы жана ал демилгенин айыл өкмөтү колдоого алгандыгы тууралуу бөлүштү.

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Абилов Мамажунус жыйындын катышуучулары менен саламдашып жатып, учурда Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосунда уюштуруп жаткан “теңге тең” платформасынын пайдасы тууралуу айтып өтүп, район бул өңдүү кызматташтыкка ар дайым ачык экендигин жана ар тараптуу колдоо көрсөтө тургандыгын билдирди.

Өз кезегинде платформанын координатору Данияр Астаров БАЖБАнын муниципалдык кызматкерлерге квалификацияны жогорулатуу багытында сунуштаган окуу курстары, жергиликтүү кеңештердин депутат айымдарынын клубу жана ЖӨБ мыкты аймак порталы тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Платформанын кийинки жыйыны Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 7-август күнү өтөт.

Проект: