МКЖӨБМА ЖӨБ органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоону уюштурду

30.07.2024 09:59
Булак: "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу" долбоору
МКЖӨБМА ЖӨБ органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоону уюштурду

2024-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары – Мамлекеттик агенттик) “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору[1] менен бирге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрдү.

Талкууга алтымышка жакын катышуучу, анын ичинде Мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери, КР ЖӨБ органдары, жергиликтүү кызматтар жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү көз карандысыз эксперттер, өнүктүрүү долбоорлорунун өкүлдөрү катышты.

Мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев жергиликтүү калк үчүн кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталган административдик-аймактык реформанын маанисин баса белгилеп өттү. «Жаңы, чоңойтулган айыл аймактары жана шаарлары эң алыскы айылдарда да биздин өлкөнүн жарандарына жашоо үчүн зарыл болгон бардык кызматтар жеткиликтүү болушу үчүн башкаруу системасын куруусу керек», – деди ал талкуунун катышуучулары менен саламдашып жатып.

Иш-чарада катышуучулар «Өндүрүштүк жана керектөө калдыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык таштандыларды башкаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты, анткени жаңы кабыл алынган мыйзам катуу калдыктарды чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу маселелерин чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан таштандыларды чыгаруу боюнча күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылат.

Мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функциялары жана ыйгарым укуктары бөлүмүнүн башчысы Таалайгүл Мамасалиева мыйзам актыларын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынгандан кийин мыйзам алдындагы актыларды  административдик-территориялык реформага ылайык даярдоо боюнча чаралар жөнүндө айтып берди.

Мындан тышкары, эксперт Наталья Байдакова тегерек столдун катышуучуларына Кыргыз Республикасында 2024-2028-жылдарга жашыл экономиканы өнүктүрүү программасынын долбоорунда камтылган таштандыларды башкаруу маселелери тууралуу айтып берди. Иштеп жаткан Программада бүтүндөй бөлүм таштандыларды башкаруу маселелерине арналган.

Программанын бул багытынын максаты Кыргыз Республикасынын полигондоруна түшкөн катуу тиричилик калдыктарынын көлөмүн кыскартуу болуп саналат, ага төмөнкү милдеттерди аткаруу менен жетишүү сунушталат:

Иш-чаранын соңунда катышуучулар күн тартибинде талкууланган көйгөйлөр, аларды чечүүнүн иштелип чыккан жолдору реформалоо мезгилиндеги максаттарга жетүү үчүн пайдалуу болот деген ишенимин билдиришти.

_____________

[1] “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору (мындан ары – Долбоор) Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, ХЕЛВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы жана Өнүктүрүү саясат институту уюмдарынын консорциумунда ишке ашырылат. Кененирээк: https://dpi.kg/ky/activity/projects/full/0/87.html 

Проект: