Жалал-Абад жана Ош облустарынын ЖӨБ органдары жарандык бюджеттин толукталган редакциясын кубаттоо менен кабыл алышты

10.07.2024 19:48
Иш-чаралар Швейцария Өкмөтүнүн колдоосунда ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” өнөктөштүк программасынын алкагында уюштурулду.
Жалал-Абад жана Ош облустарынын ЖӨБ органдары жарандык бюджеттин толукталган редакциясын кубаттоо менен кабыл алышты

2024-жылдын 10-июлунда Жалал-Абад шаарында, 11-июлда Ош шаарында КР Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктарынын дем берүүчү гранттар маселелери боюнча өкүлдөрүнүн, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы бардык шаарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана адистеринин катышуусунда маалыматтык семинарлар өттү.  Катышуучулардын жалпы саны 125 адамды түздү.

Иш-чаралар Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” өнөктөштүк программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан уюштурулду.

“Маалыматтык семинарлар дем берүүчү гранттар аркылуу долбоорлорду тандоо жана каржылоо жобосуна киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу катышуучуларга маалымдоо, дем берүүчү гранттарды автоматташтыруу боюнча катышуучулардан сунуштарды чогултуу максатында уюштурулду. Ошондой эле www.gb.minfin.kg платформасында жарандык бюджеттин веб-тиркемесинин модификацияланган версиясы көрсөтүлдү, андан соң жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүү жана 2025-жылга жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча коомдук угууларды өткөрүү боюнча талкуу болду”, – деди Өнөктөштүк программасынын жергиликтүү ресурстар боюнча адиси Азамат Мамытов.

Катышуучулар кызыккан суроолоруна жооп алуу үчүн жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүүгө чейин бул өңдүү иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп турууну сунушташты. Маселен, Аксы районунан келген катышуучу райондор дем берүүчү гранттар боюнча квоталарды аткарбаган учурда квоталарды кайра карап чыгууну сунуштады: “Айрым райондор дем берүүчү гранттар боюнча квоталарды аткарбай, республика бул акчаны кайра алып жатат. Бул туура эмес. Мындай учурларда облусубуздун башка аймактарына квоталарды карап чыгып, башкаларга өнүгүүгө мүмкүнчүлүк беришибиз керек”. Маалыматтык семинарлардын дагы бир катышуучусу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын (СЭӨП) сапатына жетишээрлик көңүл бурулбай жатат деген суроону көтөрүп, “СЭӨПнын болушу дем берүүчү грантты алуу критерийлери жана жалпысынан жергиликтүү бюджеттерди түзүү үчүн негиз болуп саналат” деп белгиледи.

Катышуучулар ошондой эле веб-тиркеменин модификацияланган версиясы менен таанышып, алар тарабынан жакшы кабыл алынды. Алар мындан ары ФЭБ башчылары powerpoint форматында презентацияны иштеп чыкпай эле, жарандык бюджеттин жаңыланып толукталган версиясы мессенджер аркылуу шилтемени жөнөтүү функциясы менен бирге жеңил жана түшүнүктүү болуп калгандыгын өзгөчө белгилешти.

Маалыматтык семинарлардын соңунда катышуучулар жарандык бюджетти түзүүнүн жана коомдук бюджеттик угууларды өткөрүүнүн алдын ала графигин түзүштү.

Ушундай эле маалыматтык семинарлар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктарынын дем берүүчү гранттар маселелери боюнча жетекчилеринин жана адистеринин, шаарлардын жана айыл өкмөттөрдүн аткаруу органдарынын финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн башчыларынын катышуусунда өткөрүлөт:

Жалпысынан бул иш-чараларда 350гө жакын адамдын катышуусу күтүлүүдө.