Тажрыйба алмашуу: ЖДККЖ долбоорунун Жалал-Абад облусундагы максаттуу муниципалитеттери мыкты тажрыйбалары менен бөлүшүштү

28.06.2024 22:54
Бул иш сапары тууралуу “Муниципалитет” журналынын июль айындагы санына кененирээк окуй аласыз.
Тажрыйба алмашуу: ЖДККЖ долбоорунун Жалал-Абад облусундагы максаттуу муниципалитеттери мыкты тажрыйбалары менен бөлүшүштү

2024-жылдын 27-июнунда Жалал-Абад облусунда жергиликтүү калкты тейлөөнү жакшыртуу жана муниципалдык ишканаларды уюштуруу темасында тажрыйба алмашуу сапары болуп өттү[1].

Иш-чарага Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунун айыл өкмөт башчылары жана кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана төрагалары, айыл өкмөттөрдүн  жана Таш-Көмүр шаарынын, Ысык-Көл облусунун  Кыдыр-Аке айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматынын жана Ош шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык ишканаларынын жетекчилери жана кызматкерлери катышышты.

Тажрыйба алмашуу турунун катышуучулары Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган жана Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору менен кызматташуу практикасы жөнүндө алдын ала толук маалымат алышкан соң, Жалал-Абад облусунун Барпы жана Сузак (Сузак), Масы (Ноокен) жана Кеңеш (Базар-Коргон) айыл өкмөттөрүнүн базасында муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышышты[2].

Иш-чаранын алкагында катышуучулар бир катар объекттерге барып, жеринен таанышышты:

Ар бир учурда катышуучулар объектке өздөрү барып, алардын ишинин жүрүшү менен таанышып, кызматкерлерге суроолорду берип, бул жааттагы тажрыйбасы менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Тажрыйба алмашуу сапарын Швейцария Өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун колдоосу менен Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА) уюштурду.

 

_______________ 

[1] Бул иш сапары тууралуу “Муниципалитет” журналынын июль айындагы санына кененирээк окуй аласыз.

[2] Долбоордун иш-аракеттери тууралуу кененирээк: https://dpi.kg/ky/activity/projects/full/0/87.html 

[3] Тротуар салуу тажрыйбасы менен кененирээк таанышууга шилтеме: https://myktyaimak.gov.kg/library/best-practices/best-practice-example?lang=kg&id=364 

[4] Муниципалитеттер аарлык кызматташтык тажрыйбасы тууралуу тажрыйбага шилтеме: https://myktyaimak.gov.kg/library/best-practices/best-practice-example?lang=kg&id=362 

Проект: