Кыргызстанда швейцариялык долбоордун колдоосу менен жергиликтүү деңгээлдеги 100дөн ашык кызматтар жакшыртылды

24.05.2024 14:56
Кошумча маалымат үчүн: Салайдин Камалдинов, PR-адис, «Хельветас Кыргызстан», тел: (0500) 119671
Кыргызстанда швейцариялык долбоордун колдоосу менен жергиликтүү деңгээлдеги 100дөн ашык кызматтар жакшыртылды

Бүгүн, 2024-жылдын 24-майында, Бишкек шаарында, “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоордун 2-фазасынын (2019–2024 жылдар аралык) жыйынтыгы чыгарылууда. Бул долбоор өлкөдө муниципалдык кызматтардын сапатын бир топ жакшыртты: таштандыларды чогултуу жана чыгарууда, ичүүчү суу менен камсыздоодо, жашылдандырууда, көчөлөрдү жарыктандыруу жана башка кызматтарда олуттуу ийгиликтер бар.

Иш-чаранын ачылышына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Замирбек Мамасадыков, Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Оливье Бангертер катышышты.

Конференцияга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, долбоордун өнөктөштөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагындагы эксперттер болуп 100дөн ашык адам катышты. Алар долбоордун жыйынтыктарын жана кийинки этабына пландарын талкуулап, жемиштүү кызматташуу үчүн бир катар сыйлыктарды алып, мындан ары тыгыз байланышта иш алып барууну макулдашты.

Белгилей кетсек, долбоордун алкагында өлкөнүн 134 муниципалитетинде 512 266 жергиликтүү тургун үчүн 120 түрдүү кызматтарды ишке киргизүү жана туруктуу кылуу мүмкүн болгон. Кыргызстанда биринчи жолу кызмат көрсөтүүнү уюштуруу үчүн муниципалитеттер аралык кызматташуу механизми колдонулган, бир нече ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүүнү биргелешип көрсөтөт. Мисалы, долбоордун пилоттук муниципалитеттеринин бири, Кетмен-Дөбө айыл аймагы, биргелешкен муниципалдык ишкана аркылуу кызмат көрсөтүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Кызыл-Суу, Оргочор, Жаргылчак айыл аймактары биргеликте таштанды чыгаруу кызматын уюштурушкан. Долбоор       Финансы министрлиги менен биргеликте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы максаттуу трансферттердин жана бюджеттик ссудалардын механизмдерин текшерип, биринчилерден болуп ишке киргизди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Экономика жана коммерция министрлиги, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу жана долбоордун башка өнөктөштөрү мындан аркы кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин белгилешти. Ошондой эле, эл аралык эксперт, Латвиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациясынын кеңешчиси Снидзе Спроге Латвиянын таштандыларды башкаруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.

Швейцария өкмөтү каржылаган, “Хельветас” жана Өнүктүрүү саясат институту аркылуу сегиз жылдан бери ишке ашырылган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору системалык өзгөртүүлөрдү киргизип, муниципалитеттер тарабынан калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берип келет.

Кошумча маалымат үчүн: Салайдин Камалдинов, PR-адис, «Хельветас Кыргызстан», тел: (0500) 119671

***

Швейцария өкмөтү Кыргыз Республикасына элдин турмушун оңдоо жаатында жардам берип келатат. 1993-жылдан бери Швейцария Кыргызстанга техникалык, финансылык жана гуманитардык жардам түрүндө 520 миллиондон ашуун швейцар франкын бөлүп берген.

Вебсайт: www.eda.admin.ch/bishkek 

Facebook: www.facebook.com/SwissEmbassyKyrgyzstan 

Instagram: www.instagram.com/swissembkyrgyz 

Проект: