Жалпы катышуучулардын саны 30дан ашуун болду, алардын ичинде онлайн катышкандар да болду.
Алгач катышуучулар жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө социалдык- гендердик жактан сезимтал саясатты жайылтуу боюнча долбоордун иш-аракеттери менен таанышышты. Презентация долбоордун бул багыттагы стратегиясы жөнүндө маалыматты жана Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы долбоордук муниципалитеттерде жүргүзүлгөн иштердин натыйжаларын камтыды. Андан соң "Айыл жашоосу", "Аялдар тынчтык банкы" жана "Лидер" жарандык демилге борбору жарандык уюмдарынын өкүлдөрү аталган облустарда, бирок экинчи фазадагы долбоордун өнөктөштөрү болуп эсептелбеген муниципалитеттерде иш алып баргандыгы жөнүндө презентация кылышты. Уюумдардын өкүлдөрү пандемия шарттарында кандай иш алып барышканын жана оор кыйынчылыктарга жана киргизилген чектөөлөргө карабастан, маанилүү натыйжаларга жетишкенин айтышты. Алар өткөргөн тренингдердин жана кеңеш берүүлөрүнүн натыйжасында муниципалитеттердин социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына кандай социалдык-гендердик жактан сезимтал аспекттер киргизилгенин көрсөтүштү.
Тегерек столго Өнүктүрүү саясат институтунун башкармасынын төрайымы Добрецова Надежда дагы катышып, “инклюзивдик жергиликтүү өнүгүү" башкача айтканда, “инклюзивдик өсүү” жөнүндө талкуу кылып "коомдун көбүрөөк туруктуулугуна жетишүү үчүн ар кандай адамдардын жана топторунун ортосундагы теңсиздикти кыскартуу зарылдыгын” түшүндүрдү. Ал ошондой эле катышуучуларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнүгүү программаларынын инклюзивдүүлүгүнө аудит жүргүзүү үчүн жаңы инструмент/механизмдин концепциясы менен тааныштырды. Өнүгүүнүн мындай комплекстүү системасын түзүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишинде жергиликтүү экономиканы жана жалпы эле жергиликтүү коомду туруктуу жана инклюзивдик өнүктүрүүнүн жеткиликтүү болгон бардык стратегиясын пайдалана алышы үчүн зарыл.
Презентациялар аяктагандан кийин бардык катышуучулар талкууга катышып, өз суроолорун сурап, бул багыт боюнча коюлган тапшырмаларды аткаруу жана жакшыртуу боюнча өздөрүнүн сунуштарын айтышты. Эл аралык уюмдун бир өкүлү кайсы критерийлерге таянып, муниципалитеттердин учурдагы социалдык экономикалык өнүгүү программалары (СЭӨП) социалдык-гендердик жактан сезимтал эмес деп табылганына кызыкты. Ошондой эле, ал иштелип чыккан СЭӨ программалардагы жаңы киргизилген иш-чаралардын туура негиздөөнү белгилеп кетти, анткени мындай жагдай ЖӨБ органынын иш-чараларды өзүнүн компетенциясынан чыкпай аткарышын камсыздайт. Сунуш катары жергиликтүү бюджеттен каржыланып, социалдык гендердик сезимтал деп аталган иш-чараларга салыштырмалуу гендердик маркерди (мисалы 30%) киргизүү айтылды. Мындан тышкары, бир эле муниципалитеттерде окшош иш-аракеттерди кайталабаш үчүн, бул багытта иштеген ар кандай долбоорлордун ортосунда жакшыраак координация жүргүзүү сунушталды. Катышуучулардын көпчүлүгү жергиликтүү деңгээлде социалдык жана гендердик сезимтал саясатты киргизүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө бир пикирге келишип, башка муниципалитеттер арасында үлгү катары мыкты практикаларды бөлүшүүнү сунуш катары айтышты.
Белгилей кетсек, "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу" долбоору Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташуу агенттиги аркылуу каржыланып, Хельветас Кыргызстан жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылууда.