Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 25-майында кабыл алынган.
Кабыл алынган Мыйзамда төмөндөгү калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү каралган:
- Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын Максат калктуу конушун;
- Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районундагы Ак-Суу айыл аймагынын Жезкен калктуу конушун;
- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын Коткор калктуу конушун;
- Кыргыз Республикасынын Ош областынын Кара-Суу районундагы Сарай айыл аймагынын Ак-Өргөө калктуу конушун;
-. Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат районундагы Найман айыл аймагынын Улуу-Тоо калктуу конушун.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
29-июнь, 2017-жыл