“Мамлекеттик бийлик бутактарынын, ЖӨБ органдарынын жана жарандардын консолидациясы жана натыйжалуу өз ара аракети: ресурстар, эффективдүүлүк, ишеним” Эл аралык конференциясы тууралуу
ЖАРЫЯ жана ЭКСПЕРТТЕРГЕ ЧАКЫРУУ
2015-жыл, 12-13-март, Парк-отель, Бишкек, Кыргыз Республикасы
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети жана Өнүктүрүү саясат институту “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында эксперттерди “Мамлекеттик бийлик бутактарынын, ЖӨБ органдарынын жана жарандардын консолидациясы жана натыйжалуу өз ара аракети: ресурстар, эффективдүүлүк, ишеним” деген аталыштагы эл аралык конференцияда сөз сүйлөөгө же ага катышууга чакырат.
Көз карандысыз эксперттердин, аналитикалык борборлордун, коммерциялык эмес уюмдардын баяндамалары үчүн сессиялар:
Башкаруу органдарынын баяндамалары үчүн сессиялар:
Катышуучунун аты-жөнү, ээлеген кызматы жана иштеген жери, баяндамасынын темасы көрсөтүлгөн, эркин формада жазылган табыштаманы 2014-жылдын 15-февралына чейин саат 24.00дөн кечиктирбестен Office@dpi.kg дареги боюнча жиберүүңүздү өтүнөбүз.
Уюштуруучулар табыштаманы четке кагууга укуктуу.
Толук маалымат алуу үчүн ӨСИ башкаруу төрайымы Надежда Добрецовага NDobretsova@dpi.kgдареги боюнча кайрылсаңыз болот.
Конференцияга каржылык колдоону Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору көрсөтүүдө, www.vap.kg