КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕПТЕРИНИН ЖОГОРКУ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫН жана ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН СТУДЕНТТЕРИН “Жаштардын каржылык сабаттуулугу – өлкө ийгилигинин фактору” Жайкы мектебине катышууга ЧАКЫРАТ

28.04.2014 13:06
Жайкы мектепти Өнүктүрүү саясат институту “Эвергриния” Республикасы” лагеринин уюштуруучусу – Билим берүү Демилгелерин Колдоо Фонду менен кызматташтыкта уюштурууда

Долбоордун толук концепциясын http://dpi.kg/ru/news/full/757.html сайтынан таба аласыз:
Жашоодо ийгиликке жетүү үчүн жалпы билим берүүчү предметтер боюнча мектепте алган билимдер аздык кылат. Өз акчаңды кантип башкаруу керектигин да билиш керек. Келечекте бизнес менен алектенесиңби, мамлекеттик кызматка өтөсүңбү, же коомдук уюмда иштейсиңби – бул маанилүү эмес. Бардык жерде каржы тууралуу билим зарыл болот!
Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө мыйзамдар ата-энени балдарга күнүмдүк чыгашасына акча берүүгө милдеттендирет. Ошондуктан ата-энелер да мектепке чейинки курактан баштап балдарына ошол акчаны туура сарптоого, өз чыгашаларын пландоого үйрөтүшөт. Кыргызстанда дээрлик эч ким балдарды каржыны башкарууга үйрөтпөйт. Бойго жетип, кечээги окуучу жеке бюджетин пландоону, акча топтоону, эс алууга, дарыланууга, билим алууга каражат чогултууну билбей калат. Анын камсыздандыруу, инвестициялар, топтоочу пенсия тууралуу түшүнүгү да болбойт. Каржылык жактан өзүн да, өзүнүн келечектеги балдарын да коргой албайт. Эгерде окуучу кезде эле ал каржылык сабаттуулугун жогорулатпаса, ал келечекте да ийгиликтүү адам боло албайт.
КС-ИФ долбоорунун максаты – каржылык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу жана жеке каражатын башкаруу боюнча билимди жайылтуу үчүн жаштарга шарт түзүү. Бул билим болмоюнча ийгиликтүү жана саламат жашоо мүмкүн эмес.
Биз өзү жашаган аймакта каржылык жактан агартуу жаатында лидер болууга даяр активдүү окуучуларды издейбиз! Долбоордун жүрүшүндө силер:
1) 2014-жылдын июнь айында жогорку класстын окуучулары үчүн каржылык сабаттуулук боюнча 10 күндүк жайкы мектепке катыша аласыңар; бардык чыгашаларды уюштуруучулар көтөрөт;
2) өз айылыңарда же шаарыңарда жалпысынан калктын жана ошону менен бирге жаштардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу үчүн кыймыл түптөп жана өнүктүрө аласыңар;
3) каржылык сабаттуулук боюнча келечектеги долбоорлорго катышуу үчүн артыкчылыкка ээ болосуңар.
Жайкы мектепке катышып, андан кийин ошол жерде иштөө максатында тандоодон өтүү үчүн эссе жазыш керек. Анда төмөнкү суроолорго жооптор кыска, бирок толук болушу абзел:
1. Жынысыңды, туулган күнүңдү, жашаган жана окуган жериңди жаз.
2. Эмне үчүн окуучулардын жана жалпысынан калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу зарыл деп эсептейсиң?
3. Окуучулардын каржылык сабаттуулугун кантип жогорулатса болот?
4. Коомдук иштерде кандайдыр бир тажрыйбаң барбы?
Эссе саптар ортосундагы аралык бирден ашпаган, Times шрифтинин 12-көлөмдөгү 2 (эки) барагынан көп болбош керек.
Сенден эч кандай атайын каржылык билим талап кылынбайт!
Бул катты 2014-жылдын 27-майы, кечки саат 6га чейин бардык жолдор менен (жеке, почта аркылуу, электрондук дарек, факс менен) төмөнкү даректер боюнча жеткирүү керек:
• дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Усенбаев көч., 44-үй;
• электрондук даректер: GJanalieva@dpi.kg жана ABaiyshbaeva@dpi.kg
• факс: +996 312 97-65-30

Тандоонун натыйжалары талапкерлерге 30-майда белгилүү болот. Тандалып алынган катышуучулар 2014-жылдын 12-июнунан 22-июнуна чейин Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Good Lake” пансионатына келүүгө даяр болуш керек.
Ата-энелер үчүн:
Каржылык сабаттуулук боюнча жайкы мектеп Билим берүү демилгелерин колдоо фондунун катышуусу менен уюштурулуп жатат. Аталган уюм “Эвергриния” Республикасы” лагеринин 18-сезонун өткөрүүдө. Мектеп Ысык-Көлдүн жээгиндеги ыңгайлуу Good Lake пансионатында өтөт. Балдар күнүнө 4 жолку тамак менен камсыздалат. Мектепке Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан чогулган 15тен 17 жашка чейинки курактагы 50 бала катышат. Мектептин ишин жана окуучулардын бош убактысын 10 педагог-куратордон жана 5 эксперттен турган команда камсыздайт. Ар бир педагог-куратор күн сайын толук көзөмөлдү камсыздап, ар бир балага көңүл буруу үчүн беш окуучудан турган топ менен иштейт.

Жайкы мектептин негизги эксперттери:
ПРУТЧЕНКОВ Александр Сергеевич, Москванын ачык билим берүү институтунун (http://www.mioo.ru/) Экономика кафедрасынын профессору (http://schools.keldysh.ru/) Москванын жана Орусия Федерациясынын башка шаарларынын окуучуларынын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча акцияларды жана ири иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө чоң тажрыйбага ээ.
ИВАНОВ Александр Петрович, Билим берүү демилгелерин колдоо фондунун жетекчиси (Кыргызстан). Бул уюм “Эвергриния” Республикасы” долбоорун ишке ашырып келатат. “Эвергриния” Республикасы” – жаштардын билим берүү лагери. Анын жүрүшүндө 12 күндүн ичинде катышуучулар өз бийлиги, экономикасы, маданияты ж.б. бар мамлекеттин моделин түзүшөт. БДКФ активинде Балдардын Экономикалык Мектеби да бар. Бул – 10 күндүк мектеп. Анын жүрүшүндө окуучулар оюн жана кызыктуу иш-аракеттер формасында экономика тууралуу бардык маалыматка ээ болушат.
СИМОНОВА Нелли Яковлевна, “СЕНТИ” каржы компаниясынын директору, Кыргыз Республикасында каржылык сабаттуулукту жогорулатуу үчүн кыймылдын негиздөөчүлөрдүн бири, улуу муунду каржылык сабаттуулуктун негиздерине окутуу методикасынын автору, Кыргыз Республикасынын фондулук базарынын лидери.
«Жаштардын каржылык сабаттуулугу – өлкө ийгилигинин фактору” (КС-ИФ) төмөнкүлөрдүн каржылык колдоосу менен ишке ашып жатат:

«Сорос – Кыргызстан» Фонду Швейцария Өкмөтү жана Британиянын Эл аралык кызматташтык боюнча министрлиги каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору