Өнүктүрүү саясат институту “Жергиликтүү демилге 2014” сынагын жарыялайт!

01.04.2014 15:50
Мисалды/мисалдарды сүрөттөгөн табыштаманы табыштамалардын көрсөтүлгөн формасы боюнча Өнүктүрүү саясат институтуна 2014-ж. 5-июлунан 5-августуна чейин тапшыруу керек.
Өнүктүрүү саясат институту “Жергиликтүү демилге 2014” сынагын жарыялайт!

Өнүктүрүү саясат институту “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорун (мындан ары – Долбоор) ишке ашырууда. Долбоор Швейцария Өкмөтү жана Улуу Британиянын Эл аралык Өнүктүрүү Министрлигинин өнөктөштүгүндө каржыланат.

Долбоордун негизги максаты – жарандардын бюджеттик процесске катышуусун камсыздоо жана жеринде кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында ЖӨБ органдарынын дараметин күчөтүү. 

Аталган долбоордун алкагында Өнүктүрүү саясат институту

 “ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕ” СЫНАГЫН ЖАРЫЯЛАЙТ!

Сынакты өткөрүүнүн максаты: (1) калкты жамааттын турмушуна жана жеринде чечим кабыл алуу процессине дагы да активдүү катышууга шыктандыруу, (2) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу боюнча жакшы үлгүлөрдү шыктандыруу жана алар тууралуу маалыматты таратуу максатында аныктоо, (3) Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге жергиликтүү жамааттар менен өнөктөштүктө жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө алдыңкы усулдарды жана жаңы ыкмаларды колдонууга көмөктөшүү.

Сынакты өткөрүү тартиби: Жергиликтүү жамааттардын лидерлери, демилгелүү топтор, бейөкмөт коммерциялык эмес уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер жана уюмдар, өз алдынча же болбосо биргелешип Өнүктүрүү саясат институтуна өз айылында алардын биргелешкен демилгеси менен киргизилген/өткөрүлгөн жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өзгөчө жемиштүү, натыйжалуу тажрыйбанын/иш-чаранын сүрөттөлүшүн жибере алат. Иш-чара төмөндө көрсөтүлгөн формага ылайык деталдуу түрдө сүрөттөлүш керек.

Ар бир арыз берүүчүдөн жергиликтүү демилгени сүрөттөгөн мисалдардын саны чектелген эмес, бирок ар бир мисал бир гана көйгөйгө тиешелүү болуш керек. Сүрөттөө 1500 сөз менен чектелиш керек. Сүрөттөр бет ачардын көркүн андан да чыгармак (табыштаманын формасын караңыз).

Мисалды/мисалдарды сүрөттөгөн табыштаманы табыштамалардын көрсөтүлгөн формасы боюнча Өнүктүрүү саясат институтуна 2014-ж. 5-июлунан 5-августуна чейин тапшыруу керек.

Жергиликтүү жамааттардын лидерлери, демилгелүү топтор, бейөкмөт уюмдар, муниципалдык мекемелер жана уюмдар, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айылдык аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жана жергиликтүү кеңештери катышуу укугуна ээ.

Сынактын жалпы байге кору – 650 000 сом.

Байге кору Швейцария Өкмөтү жана Улуу Британиянын Эл аралык Өнүктүрүү Министрлигинин өнөктөштүгүндө каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору аркылуу түзүлдү.  

Сынактын жеңүүчүлөрүнө гранттар төмөнкү тартипте ыйгарылат:

  • I орун – 150 000 сомго чейинки өлчөмдөгү грант;
  • II орун – 100 000 сомго чейинки өлчөмдөгү грант;
  • III орун – 70 000 сомго чейинки өлчөмдөгү грант;
  • Шыктандыруучу байгелер: ар бири – 15 миң 500 сом өлчөмүнө чейин.

Сынак тууралуу толук маалымат (табяштама формасы жана сынак тууралуу жобо)