“Мен жана коррупция” социалдык плакатка Улуттук сынак 2014

03.03.2014 11:38
Сынак Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Дүйнөлүк банктын “Экономикалык башкаруу жаатында потенциалды күчөтүү” Долбоору (ДИБ СВЕМ) тарабынан каржыланууда
“Мен жана коррупция” социалдык плакатка Улуттук сынак 2014

“Мен жана КОРРУПЦИЯ”

социалдык плакатка улуттук сынактын катышуучуларынын көңүлүнө!

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Өнүктүрүү саясат институту аркылуу коомдо коррупцияны терс кабылдоону калыптандырууга арналган социалдык плакатка улуттук сынак жарыялайт.

Бардык жерде колдонулуп келаткан “коррупция” деген сөздүн тамыры латын тилинен келип, Бузулуу жана Чирүү дегенди билдирет. Коррупция – бул паракорчулук, бийлик үчүн акыйкатсыз шайлоолор жана жалган каржылык отчеттуулук гана эмес... Бул коомдук организмдин кадимкидей жана таза иштешине жолтоо болгон чектен чыккан нерсенин баары. Коррупция адатта жаранды төрөт үйүндөгү жалаяктан тарта көр оозуна чейин коштоп, коомдун бардык катмарларына жана бөлүктөрүнө жетип, анын өнүгүүсүн басаңдатып, коомдун “абалын” жана “аң-сезимин” начарлатат.

Коррупция – бул абстрактуу дүйнөлүк балакет эмес. Ал биздин жарандар макул болгон (же макул болууга мажбур) майда компромисстерден башталган өтө конкреттүү балакет. Мындан тышкары бул балакет өзүнөн өзү пайда болууга жана улам көбөйүүгө жөндөмдүү. Ар бир адам ошол “туура эмес” башталгыч мектептен “туура эмес” милиция кызматкерине, дарыгерге, аткаминерге чейинки чынжырды көрүп турат … 

Сынактын тапшырмалары:

“Плакаттын туурулган тили менен” массалык аң-сезимге “Коррупция – бул өтө жаман! Коррупция – бул коркунучтуу!” деген идеяны жайылтууга аракеттенүү. 

Сынактын тематикасы:

Уюштуруучулар төмөнкүдөй идеяларды чагылдырган плакаттарды кубаттайт:

  • “Менин коррупцияга күбө болгон жеке окуям” (коррупция менен таанышуу жана анын кесепеттери тууралуу кейиштүү жеке, конкреттүү окуялар).
  • Коррупциянын механизмдерин жана натыйжаларын ачыктаган инфографика.
  • “Ак ниет адамдар. Коррупция өтө албайт!” – ак ниет аткаминердин, ак ниет дарыгердин, ак ниет мугалимдин ж.б. оң мисалдары.
  • Коомдук жашоодогу “бузулган” көрүнүштөрдү көрсөтө ала турган белгилерди камтыган плакаттар.
  • Эн белги – Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы туруунун символу.
  • Жаңы метафоралар.

Төмөнкүлөр кубаттоого алынбайт:

  • Эски, иштебеген плакаттык көчүрмөлөрдү колдонуу.
  • Коррупцияга каршы туруунун эл аралык эн белгиси.

Сынактын эрежелери

Сынакка ар кандай техникада (компьютерде, колго) дардалган А3 форматындагы автордук плакаттар кабыл алынат. Бир автордон (же авторлор тобунан) 5тен (беш) ашпаган иш кабыл алынат. Плакаттар графикалык, шрифттик бөлүктөрдү (мисалы, кыргыз же орус тилдеринде ураандар) же сүрөттөрдү камтыса болот. Плакаттын арт жагында төмөнкүлөр көрсөтүлүш керек:

  • иштин аталышы,
  • автордун (авторлордун) аты-жөнү
  • автордун (авторлордун) жаш курагы,
  • автордун (авторлордун) үй дареги, телефону (үйүнүн, жумушунун, чөнтөк телефондун)
  • автордун (авторлордун) электрондук дареги.

Плакаттын алды жагында автор (авторлор) тууралуу эч кандай маалымат БОЛБОШ КЕРЕК. Антпесе ал плакат сынакка катышпайт.

Маанилүү:

Эгерде плакаттын автору жашыруун калгысы келсе, өз ишин лакап ат менен чыгарып, өзү каалагандай аны менен байланышуу жолдорун жазып койсо болот.

Катышуучулар:

Бардык 15 жаштан жогору каалоочулар, КР жарандары да, КРда туруктуу жашагандар да, улутуна, жынысына жана кесибине карата чектөөлөр жок.

Байгелер:

  • 1-орун - $ 500,
  • 2-орун - $ 300 (эки премия),
  • 3-орун - $ 200 (эки премия).

Шыктандыруучу байге - $ 100 (үч премия: “Жагымдуулук байгеси”, “Аймактан келген мыкты иш” жана “15-18 жашка чейинкилердин тобундагы мыкты иш”)

Жюри (толук тизме кийинчерээк такталат):

  • Алексей Лысогоров, дизайнер, жюринин төрагасы,
  • Эмиль Тилеков, дизайнер,  
  • Гамал Боконбаев, арт-сынчы
  • Тилек Саякбаев, КР Экономика министрлиги
  • Нурипа Муканова, КР АИК башкы катчысы
  • Надежда Добрецова, Өнүктүрүү саясат институту

Маанилүү: Уюштуруучулардын жана жюри мүчөлөрүнүн үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандары Сынакка катыша АЛБАЙТ.

Бардык жеңүүчүлөр сынактын дипломун алат.
Жюри сынактын жарыяланган тематикасына шайкеш келбеген иштерди карабай коюуга укуктуу.
Жеңүүчүлөр өз иштеринин санарип версиясын көрсөтөт.
Өнүктүрүү саясат институту сынакка катышкан иштерди басып чыгаруу үчүн аларды колдоно алат.

Бардык иштер чапталган конвертте “ПЛАКАТКА СЫНАК” деген жазуу менен 2014-жылдын 25-апрелине чейин, саат 17.00дөн кечиктирбестен төмөнкү дарек боюнча жиберилиш керек: Бишкек шаары, Үсөнбаев көчөсү, 44 (Моссовет району), Өнүктүрүү саясат институту.

Сынактын жыйынтыгы боюнча көргөзмө уюштуруу пландары бар.

Өнөктөштөр: Дизайн.КГ порталы

  • Ош. Координатор: Улан Джалиев, КР сүрөтчүлөр союзунун Ош областтык филиалынын төрагасы. Тел.: 0779 868729
    Плакаттарды кабыл алуу жери: Ош шаары, Асыранкулов көч. 8. КР сүрөтчүлөр союзунун Ош областтык филиалынын имараты.
  • Каракол. Координатор: Темир Асанов, КР сүрөтчүлөр союзунун Ысык-Көл областтык филиалынын төрагасы. Тел.: 0555150761
    Плакаттарды кабыл алуу жери: Каракол ш. Ленин көч. 152. КР сүрөтчүлөр союзунун Ысык-Көл областтык филиалынын имараты.
  • Жалал-Абад. Координатор: Алмас Самидинов, Жалал-Абад шаардык сүрөт орто мектебинин мугалими. Тел.: 0777713979
    Плакаттарды кабыл алуу жери: Жалал-Абад шаары, Спортивная көч. 2. Жалал-Абад шаардык сүрөт орто мектебинин имараты же КР сүрөтчүлөр союзунун Жалал-Абад областтык филиалынын имараты. Барпы сейил көч. 190.
  • Бишкек. Координатор: Наталья Андрианова. Тел.: (312) 431598 же 0777 098713 

Плакаттарды кабыл алуу жери: Бишкек шаары, Үсөнбаев көч.44, Өнүктүрүү саясат институту.