Өкмөттүн жаңы демилгеси: кайра артка, 2009-жылгабы?

19.06.2013 08:55
Өткөн аптанын жума күнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аймактарды башкарууда олуттуу өзгөртүүлөрдү камтыган мыйзам долбоору тууралуу маалымдады.
Өкмөттүн жаңы демилгеси: кайра артка, 2009-жылгабы?

Өткөн аптанын жума күнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аймактарды башкарууда олуттуу өзгөртүүлөрдү камтыган мыйзам долбоору тууралуу маалымдады. Ал өзгөртүүлөр аткаруучу мамлекеттик бийликтин вертикалы менен катар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына да радикалдуу таасирин тийгизет. Учурдагы борбор калаа менен аймакатардын ортосундагы өсүп жаткан ажырымдын шартында мындай аракет - мактоого татыган кадам. 

Бирок мыйзам долбоору, эксперттердин пикирлери боюнча, учурда иштеп жаткан Конституциянын, мыйзамдардын, туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясынын духуна жана иштешине карама-каршы келүүдө.  Мындан сырткары, бул мыйзамды ишке киргизүүдөн эксперттер тескери натыйжаны - калк менен бийликтин ортсоундагы ажырымдын күчөшүн, муниципалитеттердин калкты тейлөө кызматтарынын мүмкүнчүлүктөрүнүн алсырашын, мамлекеттик каржыларды башкарууда айкындуулуктун начарларшын, кадрдык, каржылык жана башкаруучулук ыйгарымдардын (анын ичинде, жайыттар менен кошо ресурстарды башкаруу) райондук акимдердин бийлиги астында топтолуп калуусуна алып келерин күтүшүүдө.  

  • Мындай чаралар аймактардагы кырдаалдын жакшыруусуна алып келеби?
  • Сунушталып жаткан реформалар жарандарга, жергиликтүү жамааттарга кандай таасирин тийгизет?
  • Бул мыйзам кабыл алынып калса, жарандарды жана өкмөттү көмүскөдөгү кандай тоскоолдуктар жана кыйынчылыктар күтүүдө?
  • Өкмөт сунуштаган чаралар коомчулуктун туруктуулугуна кандай таасир этет?
  • Мыйзам долбоор коррупцияга каршы күрөшүүнү күчөтөбү же, тескерисинче, анын өсүшүнө кошумча өбөлгөлөрдү түзүп береби?

Ушул жана башка суроолорго журналисттер аймактык өнүгүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана каржылар боюнча тажрыйбалуу эксперттерден жоопторду алуу мүмкүнчүлүгүнө 2013-жылдын 19-июнунда саат 11.00дө Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесинде (Үсөнбаев көчөсү, 44) өтө турган пресс-сессиянын жүрүшүндө ээ болушат. 

Пресс-сессиянын программасы

11.00 – 11.30

  • 2013-жылдын 13-июнунда бийликтин вертикалын күчөтүү тууралуу жарыяланган Өкмөттүн сунушун кабыл алуунун натыйжалары 

Спикерлер:

  • Курманбек ДЫЙКАНБАЕВ, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
  • Надежда ДОБРЕЦОВА, Бекболот БЕКИЕВ, Асылбек ЧЕКИРОВ, Өнүктүрүү саясат институту
  • Жалалбек БАЛТАГУЛОВ, КРнын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу
  • Азамат АКЕЛЕЕВ, КРнын Финансы министрлигин КБК

11.30 – 12.00

  • Суроо-жооптор

12.00 – 12.30

  • Кофе-брейк

Пресс-сессияга катышуу тууралуу төмөнкү телефондор боюнча кабарлап коюңуздар: 0312 976-530 (531, 532), 0772 174915 (Алтынай)

Жогоруда айтылган олутттуу маселе боюнча атайын эксперттерден пикир алуу мүмкүнчүлүгүн кетирбеңиздер!