“Айыл демилгеси” КБ менен кызматташтык тууралуу меморандум

24.12.2012 13:42
Кызматташтыктын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дараметин жогорулатууга жана өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди жана иш-чараларды ишке ашыруу каралган.

“Өнүктүрүү саясат институту” мекемеси жана “Айыл демилгеси” КБ Кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту. “Айыл демилгеси” КБ директору Айнура Мадраимова айткандай, эки тараптын аракеттерин консолидациялап, дараметтерин жана мүмкүнчүлүктөрүн бириктиргенде гана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатында реформаларды ишке ашырууда ийгиликке жетсе болот.


Кызматташтыктын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дараметин жогорулатууга жана өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди жана иш-чараларды ишке ашыруу каралган. Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы Надежда Добрецова эки уюм өнүктүрүүнүн биргелешкен долбоорлорун жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатында концепциялардын, стратегиялардын, программалардын долбоорлорун, ЧУА долбоорлорун жана башка документтерди ийгиликтүү ишке ашыра алаарын белгиледи.


Меморандумга кол коюуга төм. негизги өбөлгө болду:


• жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатында реформаларды ишке ашырууга көмөктөшүү ниети,
• жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дараметин арттырууга көмөк көрсөтүүгө аракет,
• жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатында буга чейинки биргелешкен иш тажрыйбасы.


Мындан ары ӨСИ өзүнүн башка өнөктөштөрү менен да кызматташтык тууралуу меморандум түзүүнү пландоодо.