Улуу Британия Кыргызстандын аймактарынын экономикалык өнүгүүсүн колдойт

24.04.2025 10:07
Кыргыз Республикасынын аймактарын 2030-жылга чейин социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу 23-апрелде Бишкек шаарында өткөн конференциянын негизги темасы болду.
Улуу Британия Кыргызстандын аймактарынын экономикалык өнүгүүсүн колдойт

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана республиканын бийлик органдары Улуу Британиянын Өкмөтүнүн колдоосу менен иштелип чыккан жаңы мамлекеттик программанын алкагында аймактарды өнүктүрүүнүн кыйла натыйжалуу пландарын иштеп чыгууда.

Кыргыз Республикасынын аймактарын 2030-жылга чейин социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу 23-апрелде Бишкек шаарында өткөн конференциянын негизги темасы болду. Бул документ Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан каржыланган жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан «Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу» (EGED) программасынын көмөгү менен иштелип чыккан. Мамлекеттик программаны иштеп чыгууга чейин маалыматтарга, бизнестин жана жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктарына негизделген жергиликтүү өнүгүүнү пландаштыруунун жана болжолдоонун жаңы ыкмаларын киргизүү боюнча чоң иштер жүргүзүлдү.

Катышуучулар EGED программасынын колдоосу менен миңдеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар пландаштыруунун жана болжолдоонун жаңы ыкмаларын өздөштүргөнүн белгилешти. Бул жер-жерлерде социалдык-экономикалык өнүгүүнүн натыйжалуу программаларын иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

Жергиликтүү райондук администрациялардын өкүлдөрү EGED программасынын колдоосу менен киргизилген жаңы ыкмалар экономикалык өсүштү жана аялуу топтордун абалынын жакшырышын болжолдоону өркүндөтүп, айыл өкмөттөрүнүн, акимчиликтердин, бизнестин жана калктын ортосундагы байланышты бекемдегенин белгилешти. Райондук координациялык кеңештер маанилүү роль ойноду. Пландоонун жаңы методикаларына ылайык, алар райондук деңгээлдеги милдеттүү диалог аянтчасына айланып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, бизнести жана жамааттарды биргелешип иштөө үчүн бириктирди.

Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов мамлекеттик программа аймактардын өнүгүүсүн башкарууну жакшыртып, экономикалык өсүшкө жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтөрүн белгиледи. Ал райондук координациялык кеңештердин натыйжалуулугун жана документти иштеп чыгуудагы EGED программасынын ролун баса белгиледи.

«Дүйнө жүзүндө жергиликтүү бийлик органдары калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө жана экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында биздин өлкөлөрдү бириктирген негизги өзгөчөлүк – децентралдаштыруунун маанилүүлүгү, анткени ал жергиликтүү жамааттарды күчтөндүрөт. EGED программасы биздин өлкөлөрдүн ийгиликтүү кызматташтыгынын мыкты үлгүсү болуп калды: жергиликтүү бийлик, ишкерлер, жарандык коом жана медиа жалпы максатка жетүү үчүн бириге алышты», – деди Улуу Британиянын элчиси Николас Боулер.

Конференцияга министрликтердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 100дөн ашуун өкүлдөрү, эксперттер, окумуштуулар жана эл аралык өнөктөштөр катышты. Иш-чара Улуу Британиянын Өкмөтүнүн колдоосу менен EGED программасынын алкагында Экономика жана коммерция министрлиги жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан биргелешип уюштурулду.

***

EGED программасы – Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан каржыланган Борбордук Азиядагы беш жылдык техникалык көмөк көрсөтүү программасы. Программа мамлекеттик реформаларды пландаштырууда жана ишке ашырууда фактыларга жана далилдерге негизделген процесстерди киргизүү аркылуу Казакстанда, Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда экономикалык саясаттын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Ошондой эле программа Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда жарандык коомду колдоп, үч өлкөнүн өкмөттөрүнө фактылык маалыматтарды пайдаланууну жакшыртууга көмөктөшөт. Бул башкаруунун натыйжалуулугун жана отчеттуулугун жогорулатуунун маанилүү шарты болуп саналат.