Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азиянын өнүгүүсүнө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары тартууланды

26.06.2026 13:31
Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азиянын өнүгүүсүнө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары тартууланды

Улуу Британия Өкмөтү тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту менен кызматташтыкта ишке ашырылган “Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу” программасы (EGED) Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык бюросу аркылуу кошо каржыланып, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өнүгүүсүнө жарандык коом уюмдарынын кошкон салымын биринчи жолу регионалдык деңгээлде изилдөө жана мамлекеттик органдар, жарандык коом, эксперттик коомчулук жана эл аралык өнөктөштөр ортосунда ачык диалог өткөрүү үчүн аянтча түздү. Бул региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жарандык коомдун ролун далилдерге негизделген баалоо аркылуу көрсөтүүгө жана жалпы чакырыктарды чечүү боюнча биргелешкен мамилелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк берди.

2026-жылдын 25-июнунда Ташкент шаарында “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бакубаттуулугуна жарандык коомдун салымы: факт, божомол жана биргелешкен демилгелер” аттуу регионалдык конференция өттү. Иш-чара “Юксалиш” кыймылы (Өзбекстан) тарабынан Өнүктүрүү саясат институту (Кыргызстан) менен биргеликте, Борбордук Азия жарандык коом форумунун (ЦАФГО) платформасында, EGED программасынын алкагында уюштурулду.

Конференциянын негизги жыйынтыгы – Борбордук Азиядагы жарандык коом уюмдарынын салымы тууралуу изилдөөнү1 биринчи жолу регионалдык деңгээлде тартуулоо болду. Изилдөө бул салымды ишке ашырылган долбоорлордун жана тартылган гранттык каражаттардын көлөмү аркылуу гана эмес, экономикага, жумуштуулукка, мамлекеттик башкаруунун сапатына жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүүсүнө тийгизген таасири аркылуу да баалоого мүмкүнчүлүк берди. Изилдөө Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанды камтып, статистикалык маалыматтарга, улуттук отчетторго, эксперттик интервьюларга, фокус-топторго жана ийгиликтүү практикаларга негизделди.

Алынган жыйынтыктар Борбор Азия өлкөлөрүндө 56 миңден ашуун жарандык коом уюмдары катталганын, алардын 18,6 миңге жакыны активдүү иш алып барарын көрсөттү. Бул сектордо болжол менен 193 миң адам эмгектенет, жылдык финансылык түшүүлөрдүн көлөмү 4,2 млрд АКШ долларынан ашат, ал эми жыл сайын региондун 1,5 миллиондон ашуун тургуну жарандык коом уюмдарынын колдоосун жана кызматтарын алат. Кененирээк төмөнкү ресурстан тааныша аласыз: https://www.facebook.com/share/p/1Bkuf4d32G/ 

Изилдөө ошондой эле регион өлкөлөрүндө жарандык коомдун салымы ар кандай моделдер аркылуу көрүнөрүн көрсөттү. Кыргызстанда салымды жумуштуулук, салыктык түшүүлөр жана дүң кошумча нарк көрсөткүчтөрү аркылуу баалоо системасы калыптанган; Казакстанда мамлекеттик социалдык заказдын өнүккөн системасы иштейт; Өзбекстанда секторду институционалдык колдоо активдүү өнүгүүдө; Тажикстанда жарандык коом уюмдары мекемелер аралык жумушчу топторго жана чечим кабыл алуу процесстерине тартылган; Түркмөнстанда ишмердиктин олуттуу бөлүгү мамлекеттик социалдык программаларды ишке ашырууга интеграцияланган.

Конференциянын экинчи бөлүгү беш багыт боюнча биргелешкен чечимдерди издөө иштерине арналды: жарандардын өнүгүүгө жана башкарууга катышуусу, жамааттардын экономикалык өнүгүүсү, жеке сектор менен кызматташуу, аялдардын жана жаштардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле жергиликтүү жамааттарды климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо. Катышуучулар “Борбордук Азия – 2040” концепциясын ишке ашыруу контекстинде регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен демилгелерди калыптандыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгышты.

Талкуулардын жыйынтыгында катышуучулар жарандык коом региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү катышуучусу экенин тастыкташты. Ошондой эле жарандык коом уюмдарынын салымын баалоо системаларын өркүндөтүү, алардын мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга катышуусун кеңейтүү, статистикалык маалыматтардын ачыктыгын жогорулатуу жана кызматташуунун регионалдык механизмдерин өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди. Негизги сунуштардын бири катары тажрыйба алмашуу, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө жарандык катышуунун ийгиликтүү практикаларын жайылтуу үчүн бирдиктүү регионалдык платформаны мындан ары калыптандыруу белгиленди.

Өнүктүрүү саясат институтунун башкармалыгынын төрайымы, изилдөөнүн автордук тобунун жетекчиси Надежда Добрецова белгилегендей: “Биз жарандык коомду долбоорлор жана гранттар аркылуу гана эмес, өнүгүүнүн толук кандуу катышуучусу катары көрсөтүүгө аракет кылдык. Изилдөө жарандык коом уюмдары жумуш орундарын түзөрүн, кызматтарды көрсөтөрүн, эксперттик чечимдерди калыптандырарын жана Борбор Азия өлкөлөрүндө башкаруунун сапатына жана өнүгүүнүн туруктуулугуна олуттуу салым кошорун тастыктады”.

“Юксалиш” кыймылынын өкүлү өнөктөштүктү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи: “Региондун мындан аркы өнүгүүсү үчүн жарандык коомдун салымын таануу гана эмес, аны кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү да маанилүү. Бүгүн Борбордук Азия мамлекет, бизнес жана жарандык коом ортосунда ишенимге, ачыктыкка жана региондун келечеги үчүн биргелешкен жоопкерчиликке негизделген кызматташуунун жаңы форматтарына муктаж”.

Конференция Борбордук Азиянын туруктуу өнүгүүсүндө жарандык коомдун ролу боюнча жалпы регионалдык түшүнүктү калыптандырууда маанилүү кадам болуп, мамлекеттик органдар, жарандык коом уюмдары жана эл аралык өнөктөштөр ортосундагы мындан аркы кызматташуунун потенциалын тастыктады.

___________ 

[1] Изилдөөнүн толук мазмуну менен орус тилинде ӨСИнин сайтынан: https://dpi.kg/ru/library/full/402.html жана “Юксалиш” кыймылынын сайтынан https://yuksalish.org/files/other/NGO_CA_Report_RUS.pdf тааныша аласыздар.