ӨСИ Жусуп Баласагын атындагы КУУнун мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 30 жылдыгына арналган эл аралык конференцияга катышты

29.04.2026 20:16
ӨСИ Жусуп Баласагын атындагы КУУнун мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 30 жылдыгына арналган эл аралык конференцияга катышты

2026-жылдын 28-апрелинде Өнүктүрүү саясат институтунун (ӨСИ) өкүлдөрү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” факультетинин 30 жылдыгына арналган “Мамлекеттик жана муниципалдык башкарууну өнүктүрүүнүн заманбап тенденциялары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Конференциянын максаты – илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын, алдыңкы тажрыйбаны жана практикалык ишмердүүлүктү билим берүү процессине интеграциялоо аркылуу башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу механизмдерин иштеп чыгуу, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоо жана сунуштарды иштеп чыгуу болду.

Конференциянын алкагында Өнүктүрүү саясат институтунун эксперти Айткулов Бакытбек “Муниципалдык башкарууда санариптик аспаптар” темасында баяндама жасап, Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын санариптештирүү багытындагы практикалык тажрыйбасы менен бөлүштү.

Өзгөчө көңүл бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кеңири колдонуп жаткан санариптик аспаптарга бурулду.

Муниципалдык башкаруудагы эң маанилүү санариптик аспаптардын бири – "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасы. Анын идеясынын калыптанышына жана ишке ашырылышына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги астында Өнүктүрүү саясат институту да катышкан. Бул модуль жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бизнес-процесстерин автоматташтырууга арналган.

Система Кыргыз Республикасынын аймактарынын жана райондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн пландаштыруу жана божомолдоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде чогултууну, сактоону, иштетүүнү жана берүүнү камсыздайт.

“ЖӨБ органдары система аркылуу аймак, калк, көрсөтүлүүчү кызматтардын деңгээли, инфраструктуранын абалы, ошондой эле экономикалык жана инклюзивдүү өнүгүү, мейкиндиктик пландаштыруу, айлана-чөйрө жана ресурстар боюнча көрсөткүчтөрдү киргизишет. Натыйжада ЖӨБ органдары реалдуу маалыматтардын негизинде пландоонун сапатын жогорулатып, аналитикалык отчетторду жана стратегиялык документтерди, анын ичинде Социалдык-экономикалык өнүгүү программасын (СЭӨП) жана аны ишке ашыруу боюнча аракеттер планын алышат”, – деди Нурдин Кумушбеков.

Мындан тышкары, система стратегиялык документтердин аткарылышын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берип, мониторинг боюнча отчетторду жана иш-чаралардын аткарылышы белгиленген аракеттер пландарын түзөт. ЖӨБ органдары мындан аркы иш үчүн зарыл маалыматтар менен системаны активдүү толтуруп жатышат.

Ошондой эле Бакыт Айткулов академиялык чөйрөнүн өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен кызматташтыктын алкагында даярдалган ӨСИнин иштеп чыгуусун сунуштады. Бул – “Онлайн-жарандык бюджет” (https://gb.minfin.kg) веб-тиркемеси. Анда ар бир ЖӨБ органы жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашалары тууралуу маалыматты жарандар үчүн түшүнүктүү формада жарыялап, суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк түзө алат. Бүгүнкү күндө дээрлик бардык ЖӨБ органдары бул аспапты өз ишинде колдонушат.

Иш-чаранын жыйынтыгында Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлдөрү – Айткулов Бакытбекке жана Нурдин Кумушбековго эл аралык илимий-практикалык конференцияга активдүү катышканы үчүн сертификаттар тапшырылды.

ӨСИ тажрыйба жана билим алмашууга шарт түзгөн, илим, теория жана практиканын кесилишинде муниципалдык башкаруунун эң натыйжалуу аспаптары аныкталган, алардын күчтүү жана алсыз жактары талкууланган, ошондой эле ЖӨБ органдарынын дагы да натыйжалуу иштеши үчүн жаңы технологияларга болгон муктаждыктар аныкталган мындай иш-чараларды кубаттайт.