2026-жылдын 15–18-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн Казакстан Республикасынын Шымкент жана Түркстан шаарларына жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү жана инвестиция тартуу темасында окуу сапары уюштурулду.
Окуу сапары Өнүктүрүү саясат институту тарабынан Улуу Британия өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу” (EGED) программасынын алкагында уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты – инвестициялык саясат, ишкердикти колдоо, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана туризмди өнүктүрүү багыттарында Казакстандын ийгиликтүү тажрыйбасын үйрөнүп, мыкты практикаларды Кыргызстанда колдонуу болду.
Сапардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү объектилерге барышты:
“Бул сапар аймактар аралык кызматташууну бекемдөөгө, ишкер байланыштарды кеңейтүүгө жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн аймактык экономикалык өнүгүү маселелери боюнча компетенциясын жогорулатууга өбөлгө түзөт деп күтөбүз. Алгачкы кадам жасалды – сапардын жүрүшүндө Ноокат ишкерлер ассоциациясы жана Ат-Башы районунун Бизнес-ассоциациясы ‘АТАМЕКЕН’ УППнын Шымкент шаарындагы өкүлчүлүгү менен кызматташуу тууралуу меморандумдарга кол коюшту”, – деди Өнүктүрүү саясат институтунун башкармалыгынын төрайымы Надежда Добрецова.
Сапардын жыйынтыгында катышуучулар инвестиция тартуу, бизнести колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өз аймактарынын туристтик потенциалын өнүктүрүү боюнча жаңы натыйжалуу механизмдерди жана ыкмаларды өздөштүрүп, ишке киргизишет.
