Айтматов районунда “Ишкер айым – өнүккөн коом” форуму өттү

14.04.2026 23:16
Айтматов районунда “Ишкер айым – өнүккөн коом” форуму өттү

2026-жылдын 14-апрелинде Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылындагы “Семетей” кинотеатрында “Ишкер айым – өнүккөн коом” аталышындагы ишкер айымдар форуму өткөрүлдү. Форумдун негизги максаты – аялдардын ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, өндүргөн продукцияларын таанытуу, жаңы билим берүү, өз ара тажрыйба алмашуу жана аялдардын экономикалык активдүүлүгүн колдоо болду.

Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысынын-акимдин орун басары Мира Сейдикеримова: “Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү – бул үй-бүлөнүн гана эмес, жалпы райондун экономикасын бекемдөө. Биз ишкер айымдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, колдоо көрсөтүүнү уланта беребиз. Мисалы, бүгүнкү форумга буга чейин социалдык келишимидин негизинде мамлекеттен кайтарымсыз акчалай жардам алган жана быйыл ала турган айымдар катышууда. Аларга бул катышуу өз ара тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн да берет”, – деп белгилеп өттү.

Форумдун алкагында аял ишкерлердин көргөзмө-жарманкеси уюштурулуп, анда район аймагындагы айымдар тарабынан даярдалган тигүү буюмдары, улуттук кол өнөрчүлүк продукциялары, тамак-аш азыктары, гүл өстүрүү жана башка жергиликтүү товарлар сунушталды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Айтматов районундагы ишкер аялдардын потенциалы, ишкерликке болгон алгачкы кадамдар тууралуу баяндама жасалып, “Социалдык келишим – алгачкы аракеттер” аттуу презентация сунушталды. Ошондой эле “Ишкерликке кадам” видеотасмасы көрсөтүлүп, жергиликтүү ишкер айымдардын ийгилик окуялары менен онлайн жана офлайн бөлүшүү сессиялары өткөрүлдү. Алардын катарында Башарат Молдокуловадан “Аялдар үчүн тигүү бизнеси: мүмкүнчүлүктөр жана өсүү жолдору” жана Кадамжай районунан ишкер айым Нургуль Исаковадан “Жемиштен пайда, кантип баасын көтөрсө болот: аялдардын бизнесин өнүктүрүү жолдору” темаларында жеке тажрыйбалар тартууланды.

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев: “Аймактардагы аялдардын ишкердик демилгелерин колдоо – өлкө экономикасынын туруктуу өсүшүнө салым кошот. Мындай форумдар жаңы өнөктөштүктөргө жол ачат. Мисалы, бүгүнкү аянтча ишкер айымдардын эмгегин элге таанытуу менен бирге жаңы кардарларды табууга жана продукцияларын жайылтууга жакшы мүмкүнчүлүк түздү”, – деди.

Мындан тышкары бизнес жүргүзүү боюнча мастер-класстар, консультациялар жана тажрыйба алмашуу жолугушуулары уюштурулуп, Айтматов райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмү тарабынан социалдык контракт алуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Өнүктүрүү саясат институтунун эксперти Айнура Балакунова өз сөзүндө: “Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу жергиликтүү жамааттардын өнүгүүсүнө жетишүүгө болот. Билим берүү жана колдоо механизмдери бул багытта өзгөчө маанилүү. Андыктан биз Улуу Британиянын колдоосунда Өнүктүрүү саясат институту менен өнөктөштүктө ишке ашырылып келген “Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу” (EGED) программасынын алкагында техникалык колдоо көрсөтүп келатабыз. Мисалы, бүгүнкү форум дагы EGED программасынын колдоосунда иштелип чыккан Айтматов районунун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында камтылган. Биз жергиликтүү өнүгүүгө багытталган демилгелерди жана иш-аракеттерди ар дайым кубаттайбыз”, – деп айтып өттү.

Форум Айтматов райондук мамлекеттик администрациясы жана Райондук координациялык кеңештин кызматташтыгында уюштурулду. Айтматов РМАсы Эл аралык өнүгүү үчүн Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосунда Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте ишке ашырылган “Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу” (EGED) программасынын өнөктөшү.