2026-жылдын 30-мартында Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Асель Сансызбаеванын төрагалыгы алдында Координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Жыйынга кеңештин 15 мүчөсү катышып, алардын 8и аялдар болду.
Жыйындын жүрүшүндө 2025-жылдагы жана 2026-жылдын башынан март айына чейинки мезгилдеги райондун социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын (СЭӨП) аткарылышынын жыйынтыктары талкууланып, райондун туруктуу өнүгүүсүнө, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана потенциалды натыйжалуу пайдаланууга багытталган иш-чаралар ишке ашырылганы белгиленди. Айрыкча инвестицияларды тартууга, инвестициялык климатты жакшыртууга жана долбоорлорду коштоого көңүл бурулду.
“СЭӨПтү ишке ашыруу райондун өнүгүүсүнө системалуу мамиле кылууга, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган туруктуу натыйжаларды камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Маселен, 2025-жылы инвестициялардын көлөмү 180 млн 584 миң 900 сомго өстү – 2024-жылы инвестициялардын көлөмү 1 млрд 364 млн 279 миң 500 сомду түзгөн”, – деп белгиледи акимдин орун басары Асель Сансызбаева.
Тартууланган маалыматтарга ылайык, 2025-жылы районго жалпысынан 1 млрд 544 млн 864 миң 400 сом инвестиция тартылган, анын ичинде:
Ишкердикти өнүктүрүүдө да оң динамика байкалууда: 2025-жылдын 12 айында 228 чакан жана орто ишкана ачылып, 601 жаңы жумуш орду түзүлгөн: өнөр жайда – 112; кызмат көрсөтүү тармагында – 105; соодада – 190; айыл чарбасында – 149; социалдык тармакта – 45.
Туризм тармагында да өсүү бар: расмий маалыматка ылайык, 2025-жылы районго 104 055 турист келген (2024-жылы – 99 100), анын ичинен 3 334ү алыскы чет өлкөлөрдөн. Туризмден бюджетке түшкөн каражат 1 091 000 сомду түзгөн.
Жыйынтыгында катышуучулар координацияны мындан ары күчөтүүнүн жана инвестицияларды тартуу, экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүү боюнча конкреттүү чараларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
