2025-жылдын 12-декабры, Ташкент. Өзбекстандын борборунда “Борбордук Азияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу” деген аталыштагы биринчи регионалдык форум өтүп, ага регион өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, муниципалдык ассоциациялар, эл аралык уюмдар, аналитикалык борборлор жана эксперттер катышты. Иш-чараны Өзбекстандын Махаллалар ассоциациясы жана Өнүктүрүү саясат институту (Кыргызстан) Улуу Британия Өкмөтүнүн (FCDO) EGED программасы жана “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгү (SDC) менен биргеликте уюштурду.
Форум аймакта жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, аймактык оптимизация, инвестициялык климат, санариптик чечимдер жана муниципалдык ассоциациялардын регион аралык кызматташуудагы ролу боюнча заманбап мамилелерди талкуулаган алгачкы эл аралык аянтча болуп калды.
Форумдун негизги жыйынтыгы Борбор Азиянын ЖӨБ жана жергиликтүү өнүктүрүү боюнча Кеңешин түзүү демилгесин талкуулоо болду. Бул туруктуу регионалдык платформа төмөнкү максаттарды көздөйт:
Кеңеш региондогу беш өлкөнүн мамлекеттик органдары, ассоциациялары, муниципалитеттери жана жергиликтүү жамааттары үчүн координациялык платформа катары кызмат кылат. Анын ишмердүүлүгү маалыматтарга, пилоттук долбоорлорго, инвестициялык чечимдерге жана жарандардын катышуусуна багытталат.
“Борбор Азияда ар бир жамаат – бул кичи үй-бүлө, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу – ар бир жарандын өз жашоосу жана өнүгүүсү үчүн жоопкерчилиги. Бүгүн биз жергиликтүү экономиканын, санариптик башкаруунун жана инвестициялардын келечегин талкуулап жатабыз, анткени жамаат – региондун туруктуу өнүгүүсүнүн негизи”, – деди Өзбекстандын Махаллалар ассоциациясынын төрагасынын биринчи орун басары Жовдатхон Инагамов.
“Форумдун негизги максаты – жамааттардын үнүн чыңдоо жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну заман талабына ылайыкташтыруу. Форум Борбор Азиянын аймактык өнүгүүсүнүн жалпы элесин түзүүдө маанилүү чекит болуп калат деп күтөбүз”, – деп баса белгиледи Өнүктүрүү саясат институтунун (Кыргызстан) башкармалыгынын төрайымы Надежда Добрецова.
Панелдик талкууларда Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан эксперттери, ошондой эле Улуу Британия, Швеция, Италия, Швейцария, Япония жана башка өлкөлөрдүн адистери төмөнкүлөрдү карашты:
ЖӨБ жана ЖӨ боюнча Кеңештин түзүлүшү мамлекеттик органдарга, муниципалитеттерге, бизнеске жана жарандарга багытталган төмөнкү бирдиктүү стандарттарга, чечимдерге жана инструменттерге жетүүгө мүмкүндүк берет:
