Чүй жана Талас облустарынын шаарларынын муниципалдык ишканаларынын өкүлдөрү үчүн 2025-жылдын 27-ноябрында ичүүчү суу жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу кызматтары үчүн экономикалык жактан негизделген тарифтерди эсептөө боюнча тренинг өткөрүлдү.
“Кызмат көрсөтүүчүлөрдүн экономикалык туруктуулугу. Ичүүчү суу менен камсыздоо жана турмуш тиричилик калдыктарын алып чыгуу кызматтарынын тарифтерин эсептөө эрежелери” темасындагы тренинг КР Экономика жана коммерция министрлиги менен Швейцария Өкмөтүнүн колдоосунда ишке ашырылган “Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” өнөктөштүк программасынын алкагында уюштурулду.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча кеңири маалымат алышты:
“Муниципалдык ишканалардын жана ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу коммуналдык кызматтарды натыйжалуу башкарууга жана шаарлардын финансылык туруктуулугун чыңдоого өбөлгө түзөт. Анткени экономикалык жактан негизделген тарифтер муниципалдык ишканалардын туруктуу иштешин, инфраструктураны өз убагында оңдоону жана модернизациялоону, калк үчүн кызматтардын сапатын жакшыртууну камсыздап, жергиликтүү бюджеттер үчүн тобокелдиктерди азайтууга көмөктөшөт”, – деди Мирлан Молдобеков, “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” өнөктөштүк программасынын адиси.
Тренингдин практикалык бөлүгүндө катышуучулар чыгымдардын структурасын талдоо, рентабелдүүлүктү эсептөө жана тарифти бекитүүгө зарыл болгон документтерди даярдоо боюнча көндүмдөрүн бекемдешти.
