Өнүктүрүү саясат институту райондук маанидеги шаар мэрияларынын өкүлдөрү үчүн адаптацияланган стратегиялык пландоо методикасын колдонуу менен Социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын (СЭӨП) иштеп чыгуу боюнча үч күндүк окутуу тренингдеринин сериясын баштады.
Окутуунун максаты – муниципалитеттердин пландаштыруу жөндөмдөрүн жогорулатуу, артыкчылыктуу багыттарды аныктоо жана жергиликтүү бийлик органдарынын аракеттерин мамлекеттик программалар жана жергиликтүү демилгелер менен шайкештештирүү.
Окутуулар Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” өнөктөштүктүн алкагында, ӨСИ жана КРнын Экономика жана коммерция министрлиги биргеликте ишке ашырып жаткан Шаарларды колдоо долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.
Окутууга экономика тармагын алып барган вице-мэрлер, мэриялардын аппарат жетекчилери, экономика жана финансы бөлүмдөрүнүн жетекчилери, шаар куруу жана муниципалдык менчик адистери, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамааттардын активисттери чакырылган.
2–4 декабрда Чүй жана Ысык-Көл облустарынын шаарларынан келген өкүлдөр үчүн биринчи окутуу өткөрүлүүдө. 8–10 декабрда Ош облусунун шаарлары үчүн тренингдер, ал эми 11–13 декабрда Жалал-Абад облусунун шаарлары үчүн окутуу пландалууда.
