Ноокат райондук Координациялык кеңеш социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын ишке ашырылышы боюнча жыйын өткөрдү

05.11.2025 10:56
Ноокат райондук Координациялык кеңеш социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын ишке ашырылышы боюнча жыйын өткөрдү

2025-жылдын 4-ноябрында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында Координациялык кеңештин (КК) мүчөлөрү жана Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын катышуусунда жыйын болуп өттү.

Иш-чаранын максаты – 2025-жылдын 9 ай аралыгында райондун социалдык-экономикалык өнүгүү программасын (СЭӨП) ишке ашыруунун алкагында аткарылган иш-аракеттердин жыйынтыктары менен тппнышуу болгон.

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын экономика бөлүмүнүн жетекчиси Орозмамат уулу Кубанычбек райондук СЭӨПны ишке ашырууда жаңы жумуш орундарын түзүү, инвестицияларды тартуу, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, инклюзивдүүлүктү камсыз кылуу жана климатка адаптация чараларынын жүрүшү боюнча маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Ноокат районунда 2025-жылдын 9 айында тартылган инвестициянын жалпы суммасы 3 млрд 28 млн 74,8 миң сомдук инвестиция тартылып, анын ичинен капиталдык курулуштар 1 млрд 168 млн 769,4 миң сомду түздү. Негизги каражаттар Ош – Баткен – Раззаков эл аралык маанидеги автоунаа жолунун курулушуна жумшалды – 1 млрд 240 млн 500 миң сом.

Жалпысынан 1466 жумуш орду түзүлүп, анын ичинен 456 туруктуу жумуш орду, 161 сезондук (6 айга чейинки) жана 849 убактылуу жумуш орундарын түздү. Эң көп жумуш орундары курулуш тармагында 463, дүң жана чекене соода тармагында 467, өндүрүш тармагында 172 түзүлдү.

Экономика бөлүмүнүн башчысы ошондой эле СЭӨПда артыкчылыктуу багыттардын бири болгон туризмди өнүктүрүүдө “Кара-Кой” эс алуу паркында заманбап эс алуу шарттарын түзүү максатында эл аралык донорлор менен келишим түзүү максатында  презентация даярдалгандыгы тууралуу маалымдады.

Маалымдоо бүткөн соң катышуучулар суроолорун беришип, ой-пикир жана сунуштарын киргизишти. Ага ылайык:

  • Эс алуу жерлерге жакын болгон коңшу жерлерди жеке ишкерлерден кайтарып алуу керек же жеке ишкерлерге шарттарын жакшыртуу сунушу менен кайрылуу.
  • КК ичинде ар бир тармактын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тармактар боюнча комитет түзүү.
  • Кара-Койго келген туристтер үчүн европалык типте коттедждерди куруунун ордуна этникалык эко-үйлөрдү куруу.
  • Тарыхый баалуулуктарды сактоо жана жайылтуу максатында этно-музей куруу.
  • Жергиликтүү өнүгүү, анын ичинде туризмди өнүктүрүү багытындагы мыкты жетишкендиктер менен таанышуу максатында башка райондорго жана аймактарга барып, алар менен тажрыйба алмашуу.
  • Социадлдык-экономикалык абалды жакшыртуу максатында айыл жергесинде жаш кыз-келиндер үчүн атайын ишканаларды ачуу.
  • Айыл аймакта жеке менчик-муниципалдык ишканаларды ачуу.
  • Экономиканы өнүктүрүү үчүн промзона куруу.
  • Мөмө жемиштерди кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу (жакынкы аралыкта Кытай Республикасы тарабынан Ноокат районунда гранттык долбоорлор башталганы турат).

Мындан сырткары, Коордиациялык кеңештин мүчөлөрү райондук СЭӨПны ишке ашыруудагы жетишкендиктер тууралуу маалыматты жергиликтүү тургундарга жеткирүү максатында атайын брошюраларды чыгарып, эл арасында таркатууну демилгесин сунуштады.